Кантип сулуу көрүнүүгө болот?

Кантип сулуу көрүнүүгө болот?
8-Авг. 2017, Шейшемби

Кандай гана кооз юбка! Бирок бутту кыска көрсөтөт. Керемет көйнөк, бирок толук кылып көрсөтөт. Өтө сүйкүмдүү блузка, бирок аны кийсен үстүңкү жагы чоң болуп көрүнөт. Сизге бул учурлар таанышпы? Дененин түзүлүшүнүн түрүнө (алмурут-алма-үч бурчтуу) карай кийимди туура тандоо боюнча кеңештерибиз жакшы жактарыңызды ачып, кемчилигиңизди жашырууга жардам бермекчи. Эң кеңири таралган дене түзүлүшүнүн түрлөрүн карап көрсөк.

Алмурут

Бул дене түзүлүш түрү: толук бөксө жана айрыкча бөлүнүп турган бел болуп айырмаланат.

Максатыбыз: дененин жогорку жана төмөнкү жагын теңдештирүү.

Эмне кылууга болот? Дене түзүлүшүнүн жогорку жагына көп көңүл бөлүүгө жардам берчү кийимдерди тандаңыз. Бул V-түрүндөгү оюк же жарым ай сыяктуу жака, лифттеги декоративдүү элементтер: принттер, саймалар; моюнга шарф, жоолуктар, мончоктор жана чынжырлар. Погондору, эполеттери бар, жеңдери кыска түрүлгөн, төшүндө чөнтөгү бар жеңил блузкаларды тандаңыз. Аларды алды жагы кыскартылып тарылган шым менен жана карандаш юбка менен кийүүгө болот.

Баш тартабыз: скинни джинсыдан, жамбаштын эң кең жерине чейин түшкөн жакеттер менен күрмөлөрдөн.
Алма

Негизги көлөм ич менен бел жакка багытталган дене түзүлүшү.

Максатыбыз: боюбузду сырткы көзгө узартып, белди өзгөчө кылып көрсөтүү.

Эмне кылууга болот? Накта дене түзүлүшүн көрсөткөн кийимдерди – футляр-көйнөктөрдү, бели көтөрүлгөн же болбосо кыйгач бычылган модельдерди тандаңыз. Белди кур менен бууп– кара же болбосо контрастуу түстөр менен көрсөтүүгө болот. Сиздин тандооңуз – жумшак узун кардигандар, жамбашка чейин жеткен жакеттер, трапеция юбкалар.

Баш тартабыз: жабышып турган кийимден, ачык түстүү декоративдүү элементтери бар кийимдерден – желбиреген жана плиссе кийимдерден, чоң принттерден, тар юбкалардан.

Үч бурчтуу

Спорт түрүндөгү дене түзүлүш – жамбашы тар жана ийини кең сымбаттуу келген келбет.

Максатыбыз: дене түзулүшүн аялдык келбетке айландыруу.

Эмне кылууга болот? Көңүлдү жамбаш жакка буруу керек – клеш джинсы менен же болбосо чинос шымдары менен түз буттарды көрсөтүңүз. Оймосу же болбосо реглан жеңи бар көйнөк менен юбканы тандаңыз. Түрлүү түстүү контрастуу элементтер жардам берет: жогорку жагы кара өңдө, төмөнкү жагы ачык түстү же болбосо «түрдүү түстүү блоктору» бар кийимдер, мисалы, ачык түстүү жолуктар менен кийүүгө болот.

Баш тартабыз: эки жагы кушкан пиджактар менен жилеттерден, көлөмдүү жака менен шарфтардан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!