Миррахим Опош: “Шерден” мода үйүнүн принциби - эркиндик

Миррахим Опош: “Шерден” мода үйүнүн принциби - эркиндик
25-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 17:10

Өз кесиби философ болгонуна карабай чыгармачылыгын өркүндөтүп кыргыздын улуттук кийимдерин заманбап үлгүдө иштеп чыгып, чет өлкөлөргө таанытып, коллекцияларын дүйнөлүк көргөзмөлөргө алып чыгып жүргөн жаш дизайнер-стилист Миррахим Опош "Zaman.kg" сайтына кызыктуу маек курду.

-Миррахим мырза мода тармагына кантип келип калдыныз? Модага болгон кызыгууңуз кандайча пайда болду?

-Бул тармакка капысынан келип калган жокмун. Анткени бул нерсе канымда, тегимде бар, чоң атам мыкты зергер уста болгон экен. Ал эми чоң энем мыкты тикмечи болгон, аскерлердин кийимдерин тиккен экен. Өзүмдүн апам да тикмечи болду жана ушул кесипти тандашыма да апамдын салымы чоң. Ал адам кол өнөрчү, өрмөк, токуган жагынан да, элдик медицинаны да мыкты өздөштүргөн адам. Ал эми атамдын биринчи кесиби тиш догдурдан баштаган экен, андан кийин экономисттен тартып башкармачы кызматка чейин жетти. Уюштуручуулук жактан жөндөмүм атамдан өтсө керек дейм, себеби мен маданий иш-чараларды, көргөзмөлөрдү да уюштуруп иштеп калдым.

Мектепте окуп жүргөн кезде бул тармакка кызыга баштагам. Бизде “эркек да тикмечи болмок беле” деген түшүнүк бар, менин баштапкы кесибим болгон салык жаатында болгонуна карабай, аны таштап философияга келгем. Философия аркылуу мен эмне калаарымды биле алдым. Кандай гана иш тандабайын бул мен өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдү ачып көрсөтүү, өзүмдү-өзүм таанып билүүм экенин түшүндүм. Ал эми кийимдер “руханий эмоцияналдык өсүшүмдүн” жыйынтыгы деп эсептейм.

“Ак шумкар” жаштар коомдук бирикмесинде тарбияландым, искусствого, тарыхка, салттуу мурас, салттуу маданиятка болгон кызыгуумду ачышыма ушул уюм жардам берди. Ал жактан тарбияланып жатып өзүмдүн кесибимди алмаштырууну чечтим. Кыргыз таануу деген чоң сабактан өткөм, анда кыргыздын салттуу кийимин окуп, үйрөндүк.

Улуттук кийимдерди тигип, өзүм кие баштадым. Эң биринчи эркектерге көйнөк тигип, тумар жасап чыктым. Андан соң жашоомдо адамды түшүнүү, психологиялык жактан үйрөткөн устаттарым пайда боло баштады. Алардын бири психолог, элдик дарыгер Галина Семёновна. Ал адам комплекстерди жойгонго жардам берди. Ошол эле кийимдерди көчөдө элдин сөздөрүнө карабай тартынбай кийип жүрө баштадым.


-Ар бир дизайнердин өзүнө таандык стили бар. Өзүңүздүн стилиңизди кандай сүрөттөп бере аласыз?

- Мен өзүмдү модельер-дизайнер катары эсептебейм. Себеби азырынча ал наамга өзүмдү жете элекмин деп эсептейм. Мен тикмечи же стилист болушум мүмкүн. Бирок дизайнер деп азырынча атагым келбейт.

Менин стилим “этно кэжуал” жана “бохо”. Бул стилдер аркылуу улуттук мотивди, кийимдин түп нускасын сактап калып жана аны азыркы учурга ылайыкташтыруу. Ар бир нерсени эркин жана эстетикалык кооздук менен бергим келет. Жалпысынан алганда “кэжуал” стили классика менен эркин стилди карманасын. Бул жакта түстөр жана модель эң негизги болуп эсептелет. Ал эми “бохо” стилинде ар бир адамдын өзгөчөлүгүн сактай аласын жана бул стилге улуттук өзгөчөлүктү киргизе аласын.

Салтуу маданияттын алып жүрүүчүлөрү болбосо бул кылып жаткандарыбыз бекерге кетет.

-Эң алгач эмне тиккениңиз эсиңиздеби?

-Эң алгач эле апам экөөбүз көйнөк тиккенбиз. Ал эми жеке өзүм “Туюк-бычуу” ыкмасы менен көйнөктүн сыртынан кийген чапан (костюм) тиккем. Костюм шым кийип алардын манжетине, жакасына сайма сайып кийип жүрдүм, кийин эркин кийим стилине өттүм.

-Чыгармачылык процесс кандай жүрөт?

-Эң алгач идея пайда болот. Идея жок жерден пайда болбойт анын пайдубалы, предмети болот. Менин предметим бул салттуу маданият, кийим. Ар бир иштин башында кездеме тандап анын түсүн, фактурасын токулушун ойлонуп, анан техникалык сүрөтүн чийем, тигем. Ошентип жаңы бир идея ишке ашат.

-Мода тармагындагы үлгүү алчу адамыңыз ким?

-Үлгү катары мен европалык дизайнерлерди алгам. Мисалы-Диор, ал киши сүрөтчү болгон, ал идея берген андан соң гана анын тобу аны ишке ашырышкан. Коко Шанель Европада “интеллектуалдык революция” жасаган.


Ал эми азыркы заманбап кыргыз дизайнерлеринин арасынан стили боюнча жаккан Татьяна Воротникова. Бул тармакта мыкты эжеке Дилбар Ашимбаеваны баалайм.

Бул жерде бул жакшы бул жаман деп айтканга болбойт ар кимдин стилине жараша. Мисалы Т. Воротникова “бохо” стилинен мыкты болушу мүмкүн же башка дизайнерлердин стили ар башка болушу мүмкүн.

-Сиздин коллекция чет өлкөдө кандайча сатылып калды? Чет өлкөдө улуттук кийимдерибизге болгон көз караш кандай?

-Интернет аркылуу, тааныштар аркылуу буйрутма берип жатышат. Биринчи жолу алгандар азыр кайрадан буйрутма берип, өздөрүнүн өлчөмүн беришет, биз аларга жеке тапрышырык кылып, тигип беребиз.

Ал эми кийимдерибизге болгон көз караш жакшы, жылуу кабыл алып келишет. Мисалы, Индияда, Тажикистанда, Араб Эмирлигинде болгон көргөзмөлөр, фестивалдарга барып катышып турабыз.

-Бул кесибиңизге ата-энеңиздин көз карашы кандай?

-Бул тармакка келүүмө апамдын таасири, салымы чоң. Ал адам терме, өрмөк, макал-лакап, санжыра, уламыштар, улуттук тамак-аштар, эмчилик боюнча көптөгөн кеңештерин бере алат. Ал эми атам өмүр бою партиянын кызматкери болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 12 бир тууганмын, 6 кыз, 6 уул. Үйдүн эң кенжесимин жана бир туугандарыман бул тармакка кызыккан жалгыз мен эле болдум. Баардыгы мага колдоо көрсөтүп келишет.

-Келечекте кандай идеяларды ишке ашырууну көздөйсүз?

-Менин негизги карманган прицибим-бул биз жасаган кийимдер аркылуу адамдарга эркиндик берүү кыймыл-аракетте, ой-жүгүртүүдө. Ал эми ойдун негизги предмети бизди курчап турган айлана-чөйрө болуп эсептелет эмеспи. Менин дагы бир каалоом ушул биз жасаган кийимдер биздин кардарларды кыспай, ошол эле учурда өзүнүн тигилиши бычуу ыкмасы менен, түстөрү менен, аксессуарлары менен ой жүгүртүүнү чектебей туруусу. Түстөр биздин кардарларды толуктап турушу керек. Биздин “Шерден” мода үйүнүн негизги прициби эркиндик,ыңгайлуулук жана эстетикалык кооздук. “Шердендин” мааниси бул кабылан шер, жаныбар, ал эми экинчи мааниси эпитет “баатыр” “күч-кубат” дегенди түшүндүрөт. Ал менен биздин кийимдерди кийген кардарларга күч-кубат, эркиндик, дем берсе деп чыгарабыз. Ошону менен келечекте ушул баштаган ишимди уланта бермекчимин.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!