Ааламдын эң табышкер адамдары өз балдарына кандай кеңештерди беришет? Сизди да ушул суроонун жообу кызыктырса керек . Эмесе 6 жашында бизнес ачкан адамдын бир нече кеңешин окуңуз. Инвестор жана саякатчы Джим Роджерс "Балдарга осуят. Атанын өмүр сүрүүсү жана табышкер болуусу туурасында сабактар” аттуу китеп жазган. Роджерс китепте өзүнүн башынан өткөн окуяларын, инвестициялык тажрыйбаларын, өз атасынан алган тарбиясы туурасында баяндаган. Ал эми “Forbes” журналы аталган китептин ичинен 10 негизги кеңешти тандап алган. Анда жеке эле бала үчүн гана эмес, ата-эне үчүн да өтө керектүү делген кеңештер жарыяланган:
1. Мен өз бизнесимди 1948-жылы алты жашымда баштадым. Балким, сиздер бул жашты кесипкөйлүк үчүн ылайыктуу эмес дейт чыгарсыздар. Бирок бир нерсе жасагың келсе жаштын эч кандай катышы жок. Мен балдар менен бирге бейсбол ойноонун ордуна бөтөлкө жыйнап, акча таптым. Атам өз ишимди баштоо үчүн 100 доллар акча бергенде кубанып келишим бердим. Ал кезде 100 доллар деген чиедей бала үчүн чоң казына болчу. Убакыт созбой арахис кууруган аппарат сатып алып, көп ийгиликке жеттим. Балдар лигасына барып, суусундуктар жана жаңгак сатуу менен алектендим. Оюн убактында күйөрмандардын арасын аралап, болушунча көп соода кылууга тырышып аракет кылчумун. Ишим оңунан чыга баштаганда бир-туугундарымды да тарттым. Беш жылдан кийин атама 100 долларды кайрып бергенимде, банктагы эсебимде 100 доллар болгон. Эгер сизди бир иш кызыктырса жашыңызды шылтоо кылып, токтотпоңуз.
2. Байлык тууралуу кыялданган адамдын алгачкы кадамы кандай болушу керек? Жооп эң жөнөкөй: көптөгөн иштин «даамын татып көрүңүздөр», андан кийин чындыгында өзүңуз каалаган ишти баштоого аракет кылыңыз. Тамак жасаганды жакшы көрсөңуз ресторан ачыңыз. Жеңилин кааласаңыз бий менен алектениңиз. Жан дүйнөңүзгө жакын болуп турса бак отургузуңуз. Балким бир күнү гүл дүкөнүн ачуу туралуу идея пайда болоор. Кирешелүү ишти баштоонун эң оңой жолу-өзүнө жаккан ишти табуу жана жан дүйнөң менен берилип иш кылуу.
3. Өзүнө жакпаган жумушту иштеп, бирок андан тапкан кирешеден баш тарта албаган адамдар эң бактысыз адамдардын катарына кошоор элем. Жүрөк каалаган нерсени жасаган адамдар жөн гана жумушка барып иштеп койбойт. Алар ар күнү таң эрте туруп чыдамсыздык менен сүйүктүү ишин жасоого киришишет. Сүйүктүү жумушуңуз сизди байлыкка маарытып таштабаса да, сиздин жан дүйнөңүз бай болот. Жалпылап айтканда бактылуу болосуз. Ал эми бакытын баасы болбойт эмеспи.
4. Сиздин “жашоо” деген саякатыңызда түрдүү жолдорго кабыласыз. Анда коомдо кабыл алынган прициптер боюнча тамырлап, бекемделип калган түрдүү ойлорду айткан адамдар чыгат. Анда кантип ичип, жеп, эмнени үйрөнүү керек, эмнеге акча салып иш жүргүзүү керек деген эскирген идеялар айтылат. Эч качан көздү жумуп бирөө айткан же бир жерден окуган сөздөргө ишенбеңиздер. Эгер аны бүтүндөй дүйнө туура деп кабыл алып жатса дагы. Ар дайым алтернативдүү варианттарды караштырып жүрүңүз. Коомчулукта кабыл алынган нормалар көчүлүк учурда калп болуп чыгат.
5. Эгерде сизди курчаган адамдар ишиңизден айнытып же ачык түрдө сиздин идеяларыңызга күлүп коюшса, буга оң көз караш менен карап коюу гана керек. Албетте агып жаткан сууга каршы туруу кыйын. Бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай көпчүлүк адамдардын ийгиликке карай жолу ушундан башталган.
6. Келечек тууралуу ойлонуңуз. Өткөн нерсеге жабышып, кармай бербеңиз. Маанилүү эмес канча убакыт, акча , күч коротуңуз, эгер ал кетсе кайтып келбейт. Бул дүйнөдө ийгиликке жетишүүнү кааласаңыз анда баштаган иштин келечекте ийгиликтүү болушуна көзүңүз жетсе ошол ишти баштаганыңыз жөн.
7. Сизге жашоодо акчаны ойлонбостон чачтырууга түрткөн адамдар жолугат. Мисалы, “Буларды аркы дүйнөгө ала кетпейсин” деген сөздөрдү айтышат. Качан гана сиз чоңойгондо достор пайда болуп алар кымбат баалуу ресторандарда тамактанып, акыркы үлгүдөгү техниканы колдонуп, кийим-кечелерди түрлөп кийип жана дүйнөнүн кооз жерлеринде эс алышат жана сиз да андай жашоону каалайсыз. Бул жерде эң маанилүүсү жөнү жок акчаны чача бербөө керек. Ысырапкорчулук-бул каржы катастрофасы гана эмес, өмүрдө эмне маанилүү экенин унутуп калуу коркунучу.
8.Көпчүлүк адамдар бир нерсени акырына чейин изилдеп чыкпаганда, же алардын ойлору толук эмес болгондо, керектүү маалыматка ээ боло албай калган учурда каталарды кетиришет. Толук изилденип чыккан маалымат гана туура чечим кабыл алууга жардам берет. Мындай жол көп күч жана убакыт талап кылат. Бирок атаандаштар арасында ал өз ийгилигин көрсөтөт.
9. Эч качан экономика жана базар фонду (биржа) эки башка нерсе экенин унутпаңыз. Экономика жаатында Нобель сыйлыгынын ээси Пол Самуэльсон айткандай “Базар фонду тогуз экономикалык кризистин бешөөнү алдын ала алды”. Адамдар маалыматтарды ашыкча толкундоо менен кабыл алып бир нерсени оңтойсуз учурда сатып алып же сата башташат. Ар дайым конфликт болгон маалда сатып, ал эми дүрбөлөң учурда сатып алуу керек экенин унутпаңыз.
10. Азыр XXI кылымда маалымат айдыңынан түркүн жаңылыктарды алууга мүмкүн. Көпчүлүк маалыматтар такталбаган булактардан алынып же адатка айланган көз караштар болуп калат. Адамдар маанилүү чечим кабыл аларда болгон маалыматтарды текшерүү убаракерчилик катары кабыл алышкандары таң калтырат. Француз ойчулу Вольтер “Философия сөздугү” деп аталган китебинде: “Тунук акыл-эс баардыгына эле мунөздүү боло бербейт” деп жазган. Ал эми америкалык генерал Джордж Паттон ушул эле сөздү башкача айткан: “ Эгер ар бир адам бир нерсени ойлогон болсо анда кимдир бирөө жетиштүү деңгээлде ойлонбой жатат”,- деген.