Музыка сизди муңайтпайт

Музыка сизди муңайтпайт
25-Окт. 2017, Шаршемби, 10:02

Эгер сиздин көйгөйүңүз болуп, көңүлүңүз чөксө же чарчаңкы тартып турсаңыз музыка абдан жардам берет. Мындай абалдан болгону 15 мүнөттө чыгууга болот. Кантип дейсизби? Илимпоз, дарыгерлердин айтымында, жай, жөнөкөй классикалык музыкаларды угуу керек. Бул жүрөктүн, кан тамырлардын согуусун жайлатып, ал тургай температураны түшүрөт. Айрыкча Моцарт, Шуберт, Вивальди жана Бахтын музыкалары буга ылайыктуу дешет.

Музыка жана нерв системасы

Музыка адамга оң таасирин тийгизип, чарчоодон, алсыздануудан, капалыктан арылтат. Ички сезимге кубаныч алып келет. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жыштыгы менен пульсун оңдойт. Эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт.

Бирок, өтө узакка созулган же катуу чыккан музыка адамга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ачуу музыка нервге угуу системасы аркылуу эрте жетет. Бул адамды чарчатып, тынчын алат. Көңүлүн чөгөрүп, көңүл бөлүүсүн төмөндөтөт жана эске туту сезимин начарлатат.

Сол кулак музыканы, оң кулак сөздү тыңдайт

Адамда эки кулак эки кызматты аткарат экен. Калифорния университетинин окумуштуулары кулактын иштешиндеги таң калычтуу ачылышты жасашкан. Мисалы, оң кулак сол кулакка караганда сөздү жакшы кабыл алса, сол кулак музыканы жакшы тыңдайт экен. Жыйынтыгында, чечендердин, ырчы, музыканттардын сол кулагы жакшы угуучу экенин изилдөөлөрдөн кийин аныкташкан. Ошондой эле катуу музыка же ызы-чуудан улам билинбеген менен угуу клеткалар акырындап өлө берет экен. Бул барып-барып дүлөйлүккө алып келет. Ошондуктан, балдарга телевизордун үнүн акырын чыгарып, аны угууга үйрөтүү зарыл.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!