Баштаган ишти аягына чыгаруунун 6 ыкмасы

Баштаган ишти аягына чыгаруунун 6 ыкмасы
15-Фев. 2018, Бейшемби, 11:52

1. Эң алгач тизме түзүңүз

Чындыгында бул жеңишке жетүү менен өнүгүүнүн негизи. Ойду кагазга түшүрүү адамга өз максаттарын аныктоо, так кадамдарды ойлоштуруу үчүн жакшы жардам берет. Дароо колуңузга калем алып, болгон оюңузду ак кагазга түшүрүңүз. Андан кийин жарым сааттан кийин кайра карап, ашыкча кадамдарды алып таштаңыз. Калганын маанилүү иштер менен пландалган жумага, айга, жылга бөлүңүз. Жана ушул мезгилдерде өз-өзүңүздөн эсеп алып туруңуз.

2. Иштерди маанилүүлүгүнө жана убактысына карай бөлүү

Эң алгач маанилүү жана тез арада аткаруу керек болгон иштерди ишке ашырыңыз. Булардын басымдуу бөлүүгү оңой болбойт. Бирок жасабай койгонго да болбойт. Андан соң гана шашпай жасоого жана узак убакыт аткарууга болгон иштерге өтүңүз

3. Майда-чүйдө иштерди кийинкиге калтырбаңыз

Эгер ишти беш мүнөттө бүтүрүүгө болсо аны тез аткарып, тизмеден сызып таштаңыз. Жетиштик майда иштерден башталат. Үйдөгү, турмуштагы майда иштерди кийинкиге калтырбай, тез арада ишке ашырып салууну адатка айлантыңыз.


4. Чоң жана кыйын иштерди кезек-кезекке бөлүңүз

Ушундай бөлүү аркылуу чоң иштерди жеңилдетебиз. Бир-бирден бөлүнгөн ар бир иш канчалык тез аткарылса ошончолук жакшы. Эң башкысы ортосунда тынып калбооңуз керек.

5. Ар бир ишти аткаргандан кийин өзүңүздү мактап туруңуз

Бир жумушту бүтургөндөн кийин аны тизмеден чийип, өзүңүздү мактаңыз. Ушундай учурда гана өзүңүзгө деген ишеним арта баштайт. Жана эс алууга, сейилдеп келүүгө же жаңы кийим сатып алууга да болот

6. Кортундуу чыгаруу

Жумасына, айына, жарым жылда жана жылына бир жолу ишиңиздин жыйынтыгын чыгарып туруңуз. Бул сиздин артыкчылыктарыңыз менен кемчиликтериңизди, аялуу жактарыңызды аныктоого жардам берет

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!