​Максат Жайнаков: "Мааракеге даярдык кызуу"

​Максат Жайнаков:
17-Янв. 2018, Шаршемби, 12:58

Белгилүү обончу, КРнын Эл артисти, кайталангыс талант Апаз Жайнаковдун арабыздан кеткенинен 5 жылдын жүзү болду. Анын уулу Максат Жайнаков залкар обончунун 60 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде өтө турганын Zaman.kgге билдирди.

- Максат мырза атаңыздын көз өткөнүнө 5 жыл болуптур. Атаңыздын элесин эскерүүдө кандайдыр бир иш-чаралар өтүп жатабы?

- Атамдын көзү өткөнүнө октябрь айында беш жыл болот экен. 2015-жылы 31-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда 55 жылдык эскерүү кечесин өткөргөнбүз. Негизи жылда 6-март атамдын туулган күнүнө карата эскерүү кечесин уюштуруп турабыз. Кудайым буюрса эки жылдан кийин 60 жылдык эскерүү кечесин жогорку деңгеелде өткөрөлү деп азыртан аракеттер көрүлүп жатат. Атамдын атынан Апаз Жайнаков атындагы коомдук фонду ачылган ошондой эле Баткен областык музыкалык драма театры бар.

- Атаңыздын жолун жолдоп, чыгармачыл чөйрөгө аралашсаңыз керек. Деги эле бир туугандарыңыздын арасында чыгармачылык жолду тандап алгандар барбы?

- Атамдын жолун жолдогондор деле жок бир туугандарым ар кайсы кесиптин ээлери. Бир гана мен ошол атамдын атындагы областык музыкалык драма театрда 7 жылдан бери актёр болуп эмгектенип келе жатам.

- Учурда атаңыздын ырларын бир катар ырчылар, музыкалык билими бары деле жогу деле аткарып жүрөт. Купулуңузга толуп жатабы?

- Купулума анча деле толо бербейт. Эми убакыт өткөн сайын атамдын ырлары кайрыктары ушунчалык уккулуктуу болуп болуп келе жатат. Эми буюрса фонддун эсебинен професионал ырчыларга, музыканттарга, камбаркан ансамблине жана симфониялык оркестрге ырларын жаздырабыз деп жүрөбүз. Мындан тышкары ырчыларды автордук укук деген бар ошону сактап, текстин бузбай ырдай беришине каршы эмесмин.

- Театрда айлык акы аз экини жалпыга маалым. Тапкан маянаңыз үй - бүлөңүзгө жетеп жатабы?

- Чындыгында айлык акы аз. Кээде жетет кееде жетпей калат. Менин эле эмес азыр маданият кызматкерлеринин айлыгы аз. Ошондой болсо да жакшы үмүт менен жашап келе жатабыз.

-Кесибиңизди таштап башка тармактан сынап көрүү үчүн кадамдарга барган учуруңуз болду беле?

- Болгон. Бирок театр адамды өзүнө тартып турат. Мындан улам театрды таштап кете алган жокмун.


Маегиңизге чоң рахмат! Чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!