Тауекел Муслим үйлөндүбү?

Тауекел Муслим үйлөндүбү?
22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 11:30

“Социалдык тармакта казак актеру Тауекел Муслим менен Жанар Дугалованын үйлөнү тоюнун сүрөттөрү жарыяланып жатат”,-деп кабарлайт "Reactor” маалымат булагы.


Интернет колдонуучулар мунун баары чынбы же болбосо калп билише элек. Себеби буга чейин дагы актер менен ырчынын арасында жеке мамиле бар экени бир нече ирет айтылган.

Бирок бул сүрөттөр «Ваша свадьба» журналынын кезектеги фотосессиясы да болушу мүмкүн.

Эскерте кетсек, Жанар Дугалова “Кешью” тобунун мурдагы солисти жана «TURKVISION-2014» эл аралык жарыштын жеңүүчүсү. Ал эми актер Тауекел Муслим “Апамды издеп” тасмасынын баш каармандарынын бири. Ошондой эле эки жылдыз буга чейин биргеликте “Махабатым жүрөгүмдө” сериалында бирге аткарышкан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!