​Орусиянын 300 спортчусу кызытмадан шектелүүдө

​Орусиянын 300 спортчусу кызытмадан шектелүүдө
15-Дек. 2017, Жума, 00:47

Дүйнөлүк допингге каршы уюм (WADA) допинг эрежелерин бузган Орусиянын 300 спортчусунун тизмесин Эл аралык спорт федерациясына жөнөттү. Бул тууралуу Р-Спорт сайты кабарлады.

Дүйнөлүк допингге каршы уюмунун өкүлү кечээ күнү Эл аралык спорт федерациясынын 60 жакын мүчөсү, Эл аралык олимпиада комитети (МОК), Эл аралык паралимпиядалык комитетинин мүчөлөрү менен жолуккан. Анда антидопинг уюмунун изилдөө бөлүмүнүн директору Гюнтер Юнгер баяндама жасаган. Эң кызыгы бул маалыматтар москвалык допинге каршы лабораториясынан алынгандыгы айтылууда. Бул 2012-2015-жылдары алынган допинг тесттери алмыштырылгандыгы мурда ЖМК жазылган болчу. Тизмеде жайкы жана кышкы спорт түрлөрүнүн спортчулары жана кышкы Пхенчхан олимпиадасына да катышуучулар бар.

Эсиңиздерге сала кетсек, 5-декабрда Эл аралык Олимпиада комитети допинг жаңжалынан улам Орусиянын курама командасын Түштүк Кореянын Пхенчханг шаарындагы оюндардан четтеткен. Бирок кызытма колдонбогонун далилдеген спортчуларга бейтарап желектин алдында катышууга укук алышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!