​Футболчулар кыз зордуктап кармалышты

​Футболчулар кыз зордуктап кармалышты
18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:17

Испаниянын белгилүү "Арандина" футбол клубунун үч футболчусу 15 жаштагы кызды зордуктоо боюнча айыпталууда. Бул тууралуу AS басылмасы жазып чыкты. Испания полициясы өлкөнүн жаш футбол жылдыздары Карлос Сантоса, Рауля Кальвио жана Виктора Родригеса Рамосаны кармашкан. Учурду бул зардуктоо иши боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ал эми өлкөнүн алдыңкы футболчулары убактылуу кармоочу жайда кармалууда.

Азырынча бул окуя боюнча эки версия айтылып жатат. Футболчулар өздөрү кызга сунуш киргизген. Кыз "сунушту" кабыл албай койгонуна ачууланган футболчулар зордуктоого өткөн. Экинчи версия боюнча кыз өз каалоосу менен бул ишке барган жана кийин полицияга арыз жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!