Роналду Пелени кайталады

Роналду Пелени кайталады
18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 03:13

«Реал» футбол дүйнө чемпионатыгынын клубдук финалында бразиялык «Гремио» тайпасын (1:0) жеңип чыкты. Бул жыйынтоочу мелдеш Бириккен Араб Эмираттарынын борборунда Абу-Даби шаарында болуп өттү. Атактуу «Шейх Зайед» стадионунда өткөн беттешүүдө үчүнчү ирет испаниянын «Реал» клубу кайрадан жеңишке жетишти.

Реал Мадриддин португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду 90 мүнөттүк футбол талаасында болуп, жалгыз бир гол киргизип, легендарлуу бразилиялык Пеленин жетишкендигин кайталады.

Португалиялык футболчу Криштиану Роналду клубдук дүйнө чемпионаттыгында 7 гол киргизди. Атактуу бразилиялык футболчу да 1962-1963-жылдары континенттер арасы кубок беттешүүлөрүндө 7 гол киргизген. (5 гол «Бенфики» 2 гол «Милан» дарбазасына киргизген)

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!