Көрүнбөгөн эпидемия көздү сокур кылат

19-Дек. 2017, Шейшемби, 15:47

Голландиялык адистер жакынкы келечекте балдар жана жаштардын көзүнүн көрүүсүндө олуттууу көйгөйлөр жараларын эскертти. Алардын айтымында буга планшет, телефон жана телевизорлорду көп көрүү, сыртка же күнгө ойнобогондук себеп болот. Ошол эле мезгилде дарыгердердин “көрүнбөгөн эпидемия” көйгөйүнө каршы “20 - 20 – 2 формуласын” сунуштады.

Rotterdam Erasmus университетинин Медицина факультетинин доктору, профессор Каролина Клавердин айтымында телефон, планшет жана телевизорду жакындан тиктеген балдардын көздөрү бузулат. Кадимки көздүн тегерек кареги сүйрү боло баштайт. Акыры көздүн артында жарыкты кармаган клеткалар жабыркайт. Окумуштуунун айтымында бул кайра кайтарууга же дарылоого мүмкүн болбогон процесс.

“Бул клеткалар жоголсо киши көрбөй калат. Окумак тургай бир нерселерди таанып билүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылат”,-дейт ал.

“20 - 20 - 2 формуласы”

Голландиялык көз доктурлар бул маселелерди болтурбоо үчүн “20 - 20 – 2 формуласын” сунуштаган. Анын мааниси “20 мүнөт бою китеп, планшет же телефонду көргөндөн кийин 20 секунда көздү эс алдыруу керек. Күнүгө 2 саатка сыртка чыгуу зарыл”.

Голландиялык көз фондунун директору Эдит Мулдер балдардагы көз боюнча көйгөйлөрдү “Көрүнбөгөн эпидемия” катары атап, буга олуттуу маани берүү зарылдыгын баса белгиледи.

“Балдар көчөдө көп ойносун” өнөктүгү

Офтальмолог Клавер “Обьектив күчү – 6” болгон адамдардын арасында сокур болуп калуу коркунучу жогору экендигин айтты. Ал эми Көз фондунун директору Эдит Мулдер учурда 20 жана андан жогору жаштагылардын жарымы миопия дартына чалдыкканын белгилеп, мындай жүрүш менен көйгөй тереңдерин эскерткен.

Андан улам аталган фонд өткөн жылдын май айынан баштап балдарды көчөдө ойноосуна шарт түзгөн өнөктүк баштаган.

Профессор Каролина Клавер күндүн нуру көздүн саламаттыгы үчүн маанилүү экендигин айтат. Анткени дене күн нурлары аркылуу көздүн тегерек бойдон калуусуна шарт түзгөн, клеткалардын бузулуусун алдына алган допамин затын бөлүп чыгарат. Андан улам мектепте балдарды жок дегенде 1 саат сыртта ойнотууну сунуштайт. Айрым окуу жайларда танаписти кыскартканын сынга алган адис “балдар сыртка көп чыкпаса көрбөй калуу коркунучуна шарт түзүлөт”,-деген.

Голландиялык профессор бул маселени чечүү үчүн балдарды экран жана китептен алаксытып, күндө аз дегенде 2 саат сыртта ойноосуна шарт түзүү зарылдыгын кошумчалаган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!