​Орусиядан олимпиадага 169 спортчу катышат

​Орусиядан олимпиадага 169 спортчу катышат
27-Янв. 2018, Ишемби, 11:52

Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган 2018-жылкы кышкы Олимпиадага Орусиядан 500 спортчунун ордуна 169 гана катышат. Бул тууралуу Орусиянын олимпиада комитетинин вице-президенти Станислав Поздняков билдирди. Маалыматка ылайык кышкы олимпиадага 169 спортчу жана аларды коштогон 171 адам барат. Поздняковдун айтышында орусиялык алдыңкы спортчулар тизмеге кирбей калышкан. Спорт аткаминери “Акыркы учурларда биз Эл аралык олимпиада комитети(МОК) менен атактуу спортчуларыбызды кошуу үчүн тыгыз иштештик. Бирок бардык иш-аракеттерге карабай болгону 169 гана спортчу Орусиянын намысын талашат”,- деди.

Жума башында Эл аралык олимпиада комитети (МОК) Орусиянын 111 спортчусун тизмеден чийип салган. Алардын арасында Орусиянын курама командасынын эң алдыңкы хоккейчилери, көркөм муз тебүү, лыжачылар жана коньки жарышчылары баштаган бир топ спортчулары четтетилип калган. Маалыматтарга караганда биатлон боюнча олимпиада чемпиону Антон Шипулин, атактуу лыжачы Сергей Устюгов, көркөм муз тебүүдө Ксения Столбова жана Иван Букин чакыруу тизмесинде жок болуп чыккан. Мындан тышкары 5 хоккейчи да чийилген. Ал эми олимпиаданын бир канча жолку чемпиону, орусиялык спортчу Виктор Ан дагы өз өлкөсүндө өтө турган кышкы олимпиадагы катыша албай калууда.

Эсиңиздерге сала кетсек, кышкы Олимпиада оюндары Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!