Путин жарнамага тартылды (видео)

Путин жарнамага тартылды (видео)
7-Март 2018, Шаршемби, 01:52

Орусия 2018-жылкы дүйнөлүк футбол чемпионатынын ачылышына 100 күн калды. Бул датага ылайык Орусия президенти Владимир Путин атайын жарнама ролигине тартылды. Жарнама ролигинде футбол тарыхынын легендалары 100 ирет топ тебишүүдө. Орусиянын атынан “Спартактын” жана курама команданын мурдагы футболчусу Дмитрий Аленичев тартылган. Мындан тышкары дүйнө чемпионатына катышы турган 32 өлкөнүн өкүлдөрү: Марадона, Роналдо, Пуйоль, Форлан, Ван Бюйтен, Махдавикия, Фрай, Шмейхель, Наката жана башкалар бар.

Аягында топтуОрусиянын президенти Владимир Путинжана Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино топту Кремлде тээп, ойношууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!