
Баланы жазалоо туурабы?
Адистердин айтымында, балдарды жазалоого болбойт. Жазалоо катарында жакшы көргөн нерсесин колунан алып коюу да туура эмес. Мисалы, баладан компьютер, планшет же телефондорду алып катып салуу аркылуу баланы өзгөртө албайсыз. Баланы кээ бир эрежелерге башынан көндүрүп коюу туура.
Эгер бала жакшы окубай, начар баа алса, анда аны дароо жазалоо туура болбойт. Маселени чечүү үчүн адегенде бала менен сүйлөшүшүңүз керек. Өзгөчө орто мектепте окуган өспүрүм балдар окуусунан кыйналышы мүмкүн. Себеби биринчи баскычтан экинчи баскычтан өтүү оңой эмес. 12-13 жаштагы балдардын биринчиден организми өзгөрүп, экинчиден сабактары да татаалдашат. Андан кичирээк балдарга башкача тартип талап кылынат. Балдар, курбулары менен ойногусу келген балдарды тыйбаңыз. Кичинекей балдарды Интернет, компьютер, телефондон чектетип коюу туура. Андан көрө балдар менен аралашып ойносун.
Бала бардык нерсеге кызыгып турган учурунда аны тыя бербей, өзүнө жакканын жасата бериңиз. Жетишкен ийгиликтери үчүн балаңызды мактап коюңуз. Эмнеге кызыгаарын сурап билиңиз. Сиздин жардамыңыз керек болсо аны колдоп коюңуз.
Нурай Туратбекова