
2017-жылы ачык түстөгү кийимдер мода
Жыл жаңырып аны менен бирге дүйнөдөгү эң мыкты делген дизайнерлер бул жылдын модасын аныкташты. Алдыңкы дизайнерлер быйыл кандай модадагы кийимдерди, түстөрдү жана аксессуарларды даярдашкандыгын бул макаладан окуй аласыз.
2017-жылдын модалуу өңдөрү
Былтыркы жылдан айырмаланып быйыл дизайнерлер каныккан түстөрдү артка таштап, өтө ачык эмес түстөрдү тандап алышкан. Ал эми 2017-жылдын жаз жана жай айларында кочкул кызыл, баклажан, коралл, сары, күрөң, ачык күрөң, жашыл жана көктүн баардык өңдөрү модалуу болот. Ал эми ак жана кара түстөр дайыма колдонулат.
Кандай фасондор актуалдуу?
Барокко стилин тандагандар үчүн өзгөрүүлөр күтүлөт. Жибек, атлас жана жаккард кезедемелерден даярдалган кийимдери өтө ачык эмес түстөрдө болот. Ошондой эле түрдүү шурулар менен жасалгаланат.
2017-жылдын башкы саркеч тренди - бул сызыктуу кийимдер. Андагы бардык түстөрдүн айкалышы өзүнө тартат. Ошондуктан кандай гана нерсе сатып албаңыз андагы өңдөр айкалышып турса демек сиз саркечсиз.
Күз-кыш айларына узун же болбосо кыска пальтолор кийилет. Кенен, денени кыспаган, болбосо кур менен курчалган, өзүңүздүн каалоңузга жана дене түзүлүшүңүзгө жараша фасондорун тандасаңыз болот. Толук айымдар мындай пальтолорду тандагандан абайлаганы жакшы. Себеби ал адамды толук көрсөтүшү мүмкүн.
Кездемелердин кандай түрлөрү модада?
Жаңы моделдеги натуралдуу кездемелер модада болгондуктан синтетикалык кездемелер экинчи планга жылдырылып, жибектерге орун берилген. Азыркы учурда бардык кийим кечектер таза жибек кездемелерден тигилет. Алар ошол эле убакта кымбат жана саркеч көрүнөт.
Бул жылдын модасы тууралуу сөз болгондо бут кийим, сумка жана аксессуарларды кошо кеткенибиз оң.
Бут кийим
Күнүмдүк турмушта кийүүгө ыңгайлуу бут кийимдер модада болгондуктан ыңгайлуу моделдеринен тандаңыз. Бийик такалуу бут кийимдерди кечелерге, түрдүү иш-чараларга кийгениңиз жакшы.
Ошол эле мезгилде спорттук стилге жакын моделдер, ал түгүл кроссовкалар актуалдуу бойдон калат. Жумшак тери жана замша материалдагы бут кийимдерди тандаганга болот.
Сумкалар
2017-жылы ыңгайлуу, көлөмдүү, сапаттуу материалдардан жана классикалык түстөрдөгү сумкалар модада. Өткөн жылы көп колдонулган жарым ай түрүндөгү кенен сумкаларды быйыл да пайдаланууга болот. Мындай түрлөрү иш-чарада, күнүмдүк турмушта көтөрүүгө жана ишкер айымдарга ылайыктуу.
Аксесуарлар
Чачка тагуучу аксессуарлар, шакек, билерик,сөйкө сааттар образды толуктап турат.
Мырзалар үчүн быйылкы мода
Айымдар менен бирге эле эркектер да модадан калбай кийингиси келет. Андыктан алар быйылкы жылы классикалык шым же жинсы кийип, үстүн пиджак менен толуктаса болот. Бул стил ар дайым актуалдуу бойдон кала берет. Өңдөргө эксперемент жасап кийип алса саркеч көрүнөт. Кышкысын жылуу пальто кийип образды толуктаганга болот. Курткага караганда бул адамды келишимдүү көрсөтөт.
Ал эми бут кийимди кийимдерге жараша ылайыктоого болот. Бул образды кол сааты, көз айнек жана моюн орогучтар менен толуктаган жакшы.
Фарида Жумакадырова