Көкүрөк рагын алдын алуу ыкмалары

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 10:57

Сүт безинин рагы канчалык жайылган?

Сүт безинин зыяндуу шишиги аялдардын арасында тери рагынан кийинки экинчи орунда турат. Расмий статистикага таянсак, АКШдагы ар бир 8 аял жашоосунда көкүрөк рагына чалдыгат. Америкада жыл сайын оорунун дээрлик 246 000 жаңы учурлары катталат. Көкүрөк бездеринин шишиги эркектерде да катталат, бирок бул жүз эсе аз.

Статистикалык маалыматтарга карата, улуттук онкология борборуна жылына алты жүздөн ашуун айым кайрылып, анын дээрлик 42 пайызы көкүрөк рагынын жогорку стадияларындагы оорулуулар. Анын басымдуу бөлүгүн 40-49 жаш аралыгындагы аялдар түзөт. Ал эми аталган оорунун айынан Кыргызстанда жылына эки жүз элүүдөн ашык аял көз жумат. Бул көрсөткүч жыл сайын өсүп жатканын айтат улуттук онкология борбору. Адистер аялдарда көкүрөк оорусу тууралуу эч кандай күмөн жаралбаса да, жыл сайын бир жолу дарыгерлер тарбынан текшерүүдөн өтүп туурусун эскертип келе жатышат.

Оорунун симптомдору

Көкүрөк рагынын белгилери жана симптомдору төмөнкүлөр:

  • Төш жана колтук тушунда бир же бир нече шишиктин пайда болушу жана алардын ооруксунусу же болбосо эч кандай оорунун байкалбашы;
  • Көкүрөктүн өлчөмү жана формасынын өзгөрүшү;
  • Бүткүл көкүрөктө же бир гана жерде шишиктин пайда болушу;
  • Көкүрөктүн учу же теринин өзгөрүшү (кызаруу, одур-бодур болуусу, тыгыздашы);
  • Таза жана кан аралаш суюк заттын чыгышы;
  • Колтук жана акырек тушунда лимфа түйүндөрүнүн пайда болушу рак оорусунун таралышынан кабар берет.

Жогоруда аталган белгилердин кээ бири башка дагы ооруларда кездешүүсү мүмкүн, бирок милдеттүү түрдө дарыгерден кеңеш алууңуз кажет.

Көкүрөк рагынын диагнозу кантип аныкталат?

Биринчиден, дарыгер визуалдуу текшерүүнү жана физикалык текшерүү жүргүзөт. Эгер ал кооптуу нерсе тапса, андан ары так диагноз коюу үчүн (маммография, ультра добуштук изилдөө, МРТ жана биопсия) жүргүзүлөт.

Ооруну кантип алдын алууга болот?

Патология кооптулугун азайтуу же болбосо аны эрте аныктоонун бир нече жолу бар:

  • Сүт бездерин текшерүүнү камтыган кадимки медициналык көзөмөлдөн өтүңүз;
  • Скрининг тесттик текшерүүдөн канчалык тез өтүү керектиги тууралуу дарыгер менен кеңешиңиз;
  • Ар дайым сүт бездериндеги өзгөрүүлөрдү текшерип, өзгөрүштөр болгон кезде дарыгерден кеңеш алыңыз;
  • Тамеки чеккенди токтотуңуз жана ичимдиктен баш тартыңыз;
  • Эгер сиз гормоналдуу терапияны кабылдап жаткан болсоңуз, анын кооптуулугун дарыгер менен талкуулаңыз;
  • Семиздик менен ашыкча салмак оорунун пайда болушуну артырат, ошондуктан бирдей формада болууга аракет кылыңыз;
  • Изилдөөлөр көрсөткөндөй туруктуу физикалык активдүүлүк көкүрөк рагынын пайда болуу ыктымалдуулугун азайтат.
  • Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!