Стресс – адамдын эмоционалдык тынчтыгынын жана тең салмагынын бузулушу. Башкача айтканда, жагымсыз кырдаалдын таасиринен улам организмде пайда болгон катуу чыңалуу.
Негизи, нервдик чыңалууну организм “ден соолукка коркунуч туулду” деп кабыл алат. Ошол себептен организмде химиялык жана биологиялык реакциялар жүрөт. Бул дененин күрөшүүгө (кырдаалга каршы турууга) же качууга даяр болуусун шарттайт. Ачуулануу же коркууга кез келгенде денени калтырак басып, муштум туйүлүп, анан артты карабай качуу же мушташуу келип чыгат. Коркунучтан кутулуу керек болгондо адам күчтүү болуп кетери да баарына маалым. Бул да болсо организмдин жашап кетүүгө болгон далалаты.
Зыяны- ооруларды жаратып, адамды картайтып жибергенде
Эгер стресс узакка созулуп кетсе, анда нерв системасынын чыңалуусунан улам адамда шакый, белде оорутуу, кант диабети жана жыныстык жактан шалдык келип чыгат. Буга кан басымдын көтөрүлүүсү кошулат. Ал эми ашказанда туз кислотасы көбүрөөк бөлүнүп чыгып, ашказан жарасына кептелүү коркунучу жаралат.
Адамдын ДНКсында теломер аттуу зат бар. Булар генетикалык туруктуулукту жана хромосомдорду сактоого жооп беришет. Жаш өйдөлөгөн сайын теломерлер азайып отурат. Ал эми катуу же улам кайталанган стрессте теломерлердин саны кескин кыскарып, адам бир топ жашка улгая түшкөндөй көрүнүп калат.
Стресс иммунитетке да зыянын тийгизет. Иммунитет начарлаганда тери жана аллергиялык оорулардын жаралуусу мүмкүн.
Эмнеден улам келип чыгат?
Стрессти иштен айрылуу, жакын адамдын оорушу же каза болушу, жакшы көргөн адамдын таштап кетиши, катуу ооруга чалдыгуу, үйдөн уруш угуу, өнөкөт чарчап-чаалыгуу сыяктуу жагымсыз нерселер козгойт. Ошондой эле стрессти баланын төрөлүшү, турмушка чыгуу (үйлөнүү) сыяктуу жагымдуу кырдаалдар да жаратышы мүмкүн.
Стресстин белгилери
Буга баш ооруу, уйкусуздук, жыныстык жашоонун бузулушу, депрессия, жүрөктүн кагышынын ылдамдашы, ишке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү, өзүнө ишенбөөчүлүк, фобиялардын көбөйүшү, эс-тутумдун начарлай башташы кирет.
Стресстен арылуунун жолдору
Кайгырып-капалануудан улам кээ бирөөлөр канча тамак ичкенин көзөмөлдөй албай калышат. Анын үстүнө жинденгенде тамакты чайнабай жутуп алуу болот. Анан бир күнү караса эле адам толуп кеткен болот. Жакшы чайналбаган же таптакыр эле чайналбаган тамактар толук сиңбейт да, калганы майга айланып кетет. Адамдын семирип кетүүсүнүн сыры ушунда. Ал эми тамакты чайнап жегенибизде тамак шилекей бездери менен иштелип, бат сиңүүгө шарт түзүлөт.
Таттуулар кайгырып капалануудан куткарбайт
Кайгырдыңыз, алтургай ыйладыңыз дейли. Көпчүлүк учурда мындайда кол өзүнөн-өзү таттууларга сунулуп, аны кантип жеп киргениңизди билбей каласыз. Таттуулардан жан дүйнөдө жеңилдик болгондой туюлат. Чындыгында, момпосуй, токочтордон соң кандагы глюкозанын деңгээли көтөрүлөт. Адам маанайынын көтөрүлүшүн, ишке жөндөмдүүлүгүнүн артышын баамдайт. Бирок көп өтпөй эле кандагы глюкозанын деңгээли кандай бат көтөрүлсө, ошондой эле бат түшүп, адамда тердөө, баш ооруу, ачка болгондой сезим, маанайдын түшүшү күтүлөт. Башкача айтканда, организм мурдагыдан да чоң стресске кабылат. Андыктан таттуулардын пайдасы деле жок. Бирок...
Бирок ачуу шоколад жардам берет
Курамында какаонун өлчөмү 75 пайызды түзгөн шоколад, чындыгында, маанайды көтөрөт. Мындай шоколадда кант аз, ал эми рахат гормонун бөлүп чыгарган заттардан турган какаонун өлчөмү көбүрөөк. Бирок бир күндө 50 граммдан ашык жебөө керек. Андан ашыгы толуп кетүүгө жол ачат.