Адамдар жаракат алган кезде, оор нерселерди көтөргөндө муун аралык кемирчек жарылып кетет. Андагы нерв тамырлары менен кан тамырлар кысылып калат. Натыйжасында, зат алмашуунун бузулусунан муун оорулары пайда болот.
Муун ооруларын дарылоодон мурун анын эмнеден улам пайда болоорун аныктап алуу керек. Ал үчүн кан анализдери, ренген текшерүүлөрү жүргүзүлөт. Жыйынтыгында, текшерүүнүн натыйжасына шайкеш дарылоо жүргүзүлөт.
Муун ооруларынын түрлөрү кандай?
Артрит. Бул муун оорусунун сөөкө тийгизген зыяны. Натыйжасында, муундардын калыптуу жумушу бузулуп, кыйшайып, тарамыштар менен булчуң эттери жабыркайт.
Артроз. Организмди азыктандыруучу заттын сиңбей калуусунан улам артроз пайда болот. Бул 55 жаштан ашкан адамдарда көп кездешет. Ооруган адамдын муундары кечке маал кырсылдап, оору күчөйт.
Коксартроз. Муун ооруларынын бул түрү жамбаш муундарынын закымдашы, муун кемирчектеринин бузулушанын пайда болот. Натыйжасында, улам барган сайын оору улгайып, муундун кыймылы кыйындай баштайт.
Остеоартроз. Сөөк түзүлүшүнүн бузулушунан келип чыккан остеоартроз сөөктүн тыгыздыгын азайтат. Ал эми анын тыгыздыгы кемиген сайын сөөк борпоң болуп калат.
Подагра. Бул организмдеги туз жана заара кычкылынын бузулушунан улам пайда болот. Подагра учурунда бейтаптын муундары шишип, катуу ооруйт.
Муун оорулары эмнеден улам пайда болот?
Муун оорулары адам организминде тукум куучулуктан жана улгайган сайын пайда болот. Убакыт өткөн сайын пайда болгон муун оорулары менен ооругандарга тамеки чегүү, ашыкча салмак жана түрдүү аллергиялар таасир берет. Ошондой эле, муундардын оорушуна төмөнкү нерселер себеп болот:
Сөөктүн сынышы;
инфекция;
иммундукоорулар, муун кызматынын начарлашы;
муундардагы кемирчек майынын түгөнүшү;
жаракаттын кесепетинен сынган сөөктөрдүн туура бүтпөй калуусу;
ревмотологиялык оорулар;
остеартроздон улам;
экологиялык абалдын начарлыгы;
жеген тамак аш менен ичкен суунун сапатсыздыгы;
кыймыл-аракеттин аздыгы менен ашыкча салмак.
Муун ооруларын бул белгилер аркылуу билүүгө болот:
муундардын какшап оорусу;
муундардын шишип кетүүсү;
муун айланасындагы теринин кызаруусу;
муундардын кыймыл-аракетинин чектелүүсү (бүгүлбөй же жазылбай калуусу);
оорлоп кеткенде безгек, алсыздык жана лейкоциттердин көбөйүп кетүүсү мүмкүн.
Алдын алу үчүн ...
Организмде кальций менен натрийдин жетишпөөсүнөн муундун кыймылдоосу төмөндөйт. Ошол үчүн үй жагдайында эчкинин сүтү, капуста ширеси менен муунга пайдалуу ыкмаларды колдонууга болот.
Ооруган муунду бал менен сүйкөп, капустанын жалбырагын жумшартып, 3-4 саатка ороп таштайңыз. Бул ыкманы 10 күн аралыгында жасоого болот.
1 сарымсакты эзип, 100 г лимон ширесин кошосуз. Лимон менен сарымсак калдыгын кайнаган сууга салып, жылуулап жаап коюңуз. Күнүнө уктаар алдында ушул аралашманы ичсеңиз болот. Дарылоо ыкмасы 10 күнгө созулат.
Муун ооруса, омуртканын кызматына таасир берет, организм чарчайт. Адистердин айтуусу боюнча, бул ооруну дарылабаса, майып болуп калуу кокунучу жаралат.