Украинада үч ата-энелүү бала төрөлдү
Дүйнө жүзүндө биринчи окуя тууралуу Лента.ру Интернет-басылмасы маалымдады.
34 жаштагы аял акыркы 15 жылдан бери төрөй албай келген. Жыйынтыгында болжол менен 25 миң гени бар ата-эненин ДНКсына 37 ген болгон донордун цитоплазматикалык ДНКсын кошуп жумуртка клетканы калыбына келтиришкен. Башкача айтканда баланын үч ата энеси бар. Алардын ДНКсы болгону энесинин боюнда жүргөн кезде Украина жана Германиянын лабораториясы баланы текшерген учурда аныкталгандыгын Украинадагы репродуктивдүү медицина клиникасынын жетекчиси Валерий Зукин айткан.
Мындай ыкма менен балалуу болуу Украинын мыйзамында азырынча каралган эмес. Ошондой эле мындай жол менен балалуу болуу жашы 37ге жете элек аялдарга гана сунушталат. Клиника жетекчилеринин айтымында аял мындай экспериментке өз каалоосу менен баргандыктан, бардык процедуралар акысыз болгон.
Аял-донордун ДНКсын башка энеге которуу технологиясы 2000-жылдын башында Улуу Британия тарабынан ойлонуп чыгарылган. Бул ыкманы 2016-жылы биринчи жолу Мексикада иорданиялыктардын үй-бүлөсү колдонуп көргөн. Бирок анда уруктанбаган жумуртка клеткалары пайдаланылган.
Мээрим Искакова