Давосто Кытай глобалдашууга ыктоого чакырды
Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда сүйлөгөн сөзүндө Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин глобалдашууга ыктоо керектигин жана күтүлүшү мүмкүн болгон соода согушунда жеңүүчү болбой тургандыгын билдирди.
Ошондой эле төрага АКШ экономикалык дубал тургузса Кытай эркин соода лидери боло аларын кошумчалады.
Атын атабастан АКШнын жаңы шайланган президентин сынга алган Си Цизиньпин Парижде кол коюлган Климат боюнча келишимди бардык өлкөлөр колдоосун улантуусу керектигин белгиледи.
Ошол эле жыйында Дональд Трамптын кеңешчилеринен Энтони Скарамукси АКШын кирешесин бөлүштүрүүдө теңсиздиги жою керектигин сунуштады. Ал эми Аталган өлкөнүн Тышкы иштер министри Жон Керри форумда Иран менен болгон макулдашуунун улантуу керектигин билдирди.
Мээрим Искакова