Обама көптөгөн айыпкерлерди кечирди
Президенттик тактысын жума күнү Дональд Трампка өткөрүп бергени жаткан Барак Обама 2013-жылы тыңчылык менен айыпталып 35 жылга эркинен ажыратылган Челси Мэннингге мунапыс берди. Жазасы жеңилдеген Мэннинг 17-майда эркиндикке чыгары күтүлүүдө. “Wikileaks” уюмун түзгөн Жулиан Ассанж өткөн аптада Челси Мэнингге мунапыс берилсе АКШга экстрадиция болууга даяр экендигин айткан.
Ак сарайдан келген билдирүүдө Обама түрдүү айыптар менен жазага тартылган 273 адамга кечирим болоору белгиленген. Тагын тапшыраар алдында 64 айыпталуучуну кечирген 209унун жазасын жеңилдеткен Обаманын тизмесинде АКШ армиясына, өкмөтүнө тийешелүү жашыруун маалыматты “Wikileaks” уюмуна чыгарган 29 жаштагы Челси Мэннинг бар.
Ал 2010-жылы Багдатта милдет өтөгөн мезгилде жашыруун аскердик маалыматтарды ачыкка чыгарганы үчүн 2013-жылы 35 жылга эркинен ажыратылган.
Кечирим алгандардын тизмесинде 2007-2011-жылдар аралыгында АКШнын штаб начальниктеринин Биргелешкен комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары Жеймс Картрайт бар. Ал 2012-жылы Иранга америкалык кибер чабуул тууралуу маалыматтын чыгышына шектүү катары айыпталган.
Жазасынан толук кутулгандар жана жеңилдик алгандардын арасында баңгизатына байланыштуу камалгандар бар. Буларды эске алганда Барак Обама кызматтык мөөнөтүндө көп сандаган жаза өтөөчүлөрдү кечирген АКШнын президенти катары тарыхта калды.
Мээрим Искакова