Кытайдан товар тарткан алгачкы поезд Лондонго жетти
Өз жолунда Казакстан, Россия, Белоруссия, Польша, Германия, Бельгия жана Францияны басып өтүп, 18 күн ичинде 12 миң чакырым жолду багындырды.
Британияга көбү Кытайдан өндүрүлгөн кийим кече жана көп керектелүүчү товарлардан турган 34 контейнер жеткирилди. Бул катам жума сайын ишке ашырылары күтүлүүдө. Идеянын автору поезд аркылуу жүк ташуу деңизге караганда ылдам, учакка караганда арзан экенин айтты.
Ал эми Кытайдан темир жол аркылуу жүк алган мамлекеттердин арасында Британия 18-европалык мамлекет болуп калды.
Акыркы жылдары Кытай мамлекеттик көп миллиарддык "Жаңы-Жибек жолу” долбоорунун алкагында темир жол аркылуу Европа мамлекеттерине жүк жеткирүүгө кеңири көңүл бөлгөн. 2016-жылдын июнь айына чейин аталган өлкөдөн Европага 1881 состав келген.
Кытайдын бардык поездери Европа шаарыларына барууда 40 темир жол катамын пайдаланат. 2015-жылы өлкөнүн экспортунун көлөмү 2,27 триллион долларды түзүп, 2014-жылдагы 2,34 триллион доллардан аз болгон. Экономикалык өсүш бул мезгилде акыркы 25 жылдагы эң төмөнкү көрсөткүч катары белгиленген.
Мээрим Искакова