Кан берген донорлор көпкө жашаары аныкталды
Донор катары кан тапшырып жүргөндөр кан бербегендерге караганда көп жашаарын Дания жана Швециянын окумуштуулары жарыя кылган. Бул тууралуу “Росбалт” агенттиги жазып чыкты.
Канды берип туруунун адамдын организмине тийгизген таасирин изилдеген илимпоздордун масштабдуу тажрыйбасына миллиондогон донорлор катышкан.
Буга чейин үзгүлтүксүз кан берген адамдарда темирдин жетишсиздиги келип чыгары, анын кесепети көп убакыттан кийин тийери айтылып келген. Эми кан берген доноролор көпкө жашары, алардын канынын жаңыланып турганы организмди жашартары далилденди. Андан улам донорлордун ден соолугу бекем болот деген тыянакка келишти.
Мээрим Искакова