​Эски Шараповадан элес калбады

​Эски Шараповадан элес калбады
21-Фев. 2018, Шаршемби, 13:39

Орусиялык белгилүү спортчу, дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси Мария Шарапованын Доха мелдештеринде биринчи турда эле 92 орунда турган Монике Никулескуга жеңилип калды. Канча убакыттан бери 3 миллион долларлык сайлыкка алгачкы ирет чакырылган Мария Шарапова 2 саат 38 мүнөткө созулган мелдеште 6:4, 4:6, 3:6 эсебинде жеңилип, эң арткы саптарга илинди.

Дүйнөнүн мурдагы биринчи теннисчиси 19-февралда Дубайда өтө турган мелдештерге дагы катышуудан баш тартты. Маалыматтарга ылайык атактуу теннисчинин далы ооруп жаткандыгы айтылууда.

Эсиңерге сала кетсек, "Чоң шлемди" беш жолу жеңип, кезинде дүйнөнүн биринчи теннисчиси болгон Шарапова былтыр Австралия ачык чемпионатынан кийин допинг колдонулгандыгы белгиленген. Спорттук арбитраж соту Шарапованы эки жылга теннистен четтетип, кийин аны 15 айга кыскарткан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!