Робот-ит чыгарылды

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:24

Роботторду чыгарган “Boston Dynamics” “YouTube” каналынан өзүнүн жаңы “SpotMini” деп аталган төрт буттуу роботун тааныштырды.

Аталган роботтун салмагы 25 килограмм жана автономдуу режимде 90 мүнөткө чейин иштей алат. Роботтун сырткы корпусу сары түстө.

Биринчи жолу “SpotMini” роботу түстүү панел жана механизмдин үнүн басуучу тетик менен жабдылган. Ошондой эле, роботтун манипуляторун, тактап айтканда “бешинчи бутун” алып ташташкан. Америкалык журналистердин билдирүүсү боюнча, эми робот “жагымсыз” көрүнбөй калды.

Мындан сырткары, “Boston Dynamics” роботтун конструкциясына бир топ өзгөрүүлөрдү киргизген. Видеодо көрүнгөндөй “SpotMini” кадимкидей, жөнөкөй жана жеңил кыймыл-аракетке ээ болгонун байкоого болот. Балким андагы “бешинчи бутту” алып таштагандан кийин басканы жакшыргандыр.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!