Роботтор диагноз коё башташат

16-Ноя. 2017, Бейшемби, 11:48

“Кытай дарыгерлери милдеттүү түрдө өтүүчү тесттен робот да өттү. Улуттук медициналык лицензия алуу сынагынан алгачкы жолу робот алып отурат”,-деп кабарлайт “China Daily”.

“iFlytek Co Ltd” компаниясы чыгарган ИИ роботу төрт жылдан кийин натыйжасын бере баштады. Бул сынактан робот эң жакшы көрсөткүчкө жетишкен. Ал дарыгерлерге берилүүчү 456 суроолорго туура жооп берип, 96 упай алган. Тактап айтканда ашып түшкөн.


Ойлоп табуучулардын айтуусу боюнча, жасалма интеллекке ээ робот бейтаптарга анализ жүргүзүп жана алдын ала диагноз коё алат. Келечекте эффективдүү дарылоолорду жүргүзүү үчүн ал дарыгерлерге жардам берет.

“iFlytek” компаниясы билдиргендей роботтор 2018-жылдын март айында чыга баштайт, бирок ал дарыгерлерди алмаштыра албайт деп маалымдашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!