Бишкекте 36 тигүүчү машина күйүп кетти

11-Ноя. 2017, Ишемби, 13:06

Бишкектин Биринчи май районунда 10-ноябрда саат 23:30 чамасында Ильменская көчөсүнүн №73 дарегинде жайгашкан эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.

Жеринде өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, саат 01:25де өрт чектөөгө алынып, саат 03:50дө өрт толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен эки кабаттуу турак үйдүн 180 чарчы метр жыгач устунду темир жабылган чатыры, полу, экинчи кабатында жайгашкан тигүүчү цех, фурнитура, кездемелер жана 36 данна тигүүчү машиналар күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!