​Чек арада 500дөн ашык унаа кезекте турат

17-Ноя. 2017, Жума, 14:28

Кыргыз-казак чек арасында оор жүк ташуучу унаалардын саны 600гө чамалады. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө жайында 365 унаа кезек күтүп турат. “Чоң-Капка” өткөрмө бекетинде болсо оор жүк ташуучу унааларсын саны 212 жеткен.

“Ошондой эле “Ак-Жол” жана “Чалдыбар” көзөмөл-өткөрмө жайында кезек күткөн унаалар жок”,-деп айтылат маалыматта.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!