«Түндүкэлектр» WhatsApp аркылуу тейлейт

11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 11:27

“Түндүк электр”ишканасы Бишкек шаары жана Чүй облусунун Аламүдүн, Сокулук райондорундагы керектөөчүлөрүн WhatsApp мессенджери аркылуу тейлейт.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, кызмат керектөочүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү максатыда ишке ашырылууда.

WhatsApp тиркемесинин жардамы менен электр жарыгын колдонуучулар күнү-түнү электр энергия эмне себептен өчүрүлгөнүн билип, болгон көйгөйлөр тууралуу маалымдап, кеңеш ала алышат.

Керектөөчүлөр +(996) 772 00 1209 номерин кошуп, Google Play же AppStore тейлөөсүнүн жардамы менен WhatsApp тиркемесин уюлдук телефондорунуздарга жүктөшү керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!