“Таза коомду” ишке ашырууну талкуулашты

19-Дек. 2017, Шейшемби, 07:04

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Сапар Исаковду кабыл алып, 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын негизги багыттарын талкуулашты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда президент менен премьер-министр өлкө экономикасын алдыга илгерилетүү боюнча мыйзамдарды талапка ылайык келтирүү боюнча пикир алышты. "Таза коом" улуттук программасын ишке ашырууда калкты социалдык жактан камсыздоо жөнүндө ойлорун ортого салды.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!