Президент мигранттарга кайрылуу жолдоду

19-Дек. 2017, Шейшемби, 07:12

Президент Сооронбай Жээнбеков мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчынын кайрылуусунда адам жакшы жашоо артынан түшүп, бүт дүйнө боюнча көчүп-конору айтылган. Жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, жаңы билимдерди, технологияларды издери айтылып, мигранттардын көпчүлүгү таман акы, маңдай тери менен өзү, үй-бүлөсү жана өлкөсү үчүн жаңы, жетишкен турмушту курууга умтулган жаш адамдар экени белгиленген.

«Кажыбаган кайраттуу эмгегиңиздер жана чыдамкайлыгыңыздар үчүн мен сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Көпчүлүгүңүздөр Кыргызстандын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, мектептерди, спорт комплекстерин, башка социалдык жана инфраструктуралык объектилерди курууга жардам берип келесиздер. Медицина, билим берүү, көркөм өнөр жана башка чөйрөлөрдө топтогон билим жана тажрыйба менен бөлүшүп жатасыздар.

2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясында чет өлкөлөрдөгү мекендештерибизге колдоо көрсөтүү, жарандарыбыздын Мекенине кайтып келиши жана алардын чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кездеги кесиптик жетишкендиктерин Кыргызстанда толук кандуу пайдалануусу үчүн шарттарды түзүү каралат.

Кымбаттуу мекендештер!

Биз заманбап жана көз карандысыз, күчтүү экономикасы бар жана калкы бакубатчылыкта жашаган Кыргызстанды биргелешип курушубуз керек. Сиздерге, сиздердин жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бейпилдик, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм!”,-деп айтылат мамлекет башчынын кайрылуусунда.

Жыл сайын 18-декабрда дүйнө коомчулугу БУУ Башкы Ассамблеясы жарыялаган мигранттын эл аралык күнүн белгилейт. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 800 миң чамалуу мигрант сыртта эмгектенип жүрөт. Бей расмий маалыматтарга караганда бул сан мындан да көп экени айтылып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!