Мал уурдагандардын баарын кармашты

19-Дек. 2017, Шейшемби, 10:59

Ош облусунда мал уурулук менен алектенген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-декабрь күнү Чоң-Алай РИИБне Жар-Башы айылынын 31 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, короосунан 1 баш бодо малы уурдалгандыгын билдирген. Милиция кызматкерлери тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп, бул кылмыш ишине шектүү катары ушул эле айылдын 36 жаштагы тургуну кармалган.

Ошондой эле Шамалды-Терек айылынын тургундары Өзгөн райондук милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, короолорунан 4 баш малдарын белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдиришкен. Бул кылмыш иши боюнча милиция тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүп, натыйжасында 20 жаштагы Ноокат районунун, 23 жаштагы Өзгөн районунун, 20 жаштагы Ош шаарынын жашоочулары кармалышкан.

Ал эми, Кара-Суу райондук милиция кызматкерлери кылмыштын изин суутпай, мал уурдоого шектүү катары Савай айылынын 61 жаштагы жашоочусун кармашкан. Анткени шектүү 15-декабрга караган түнү жергиликтүү тургундун үйүнөн 1 баш бодо малын уурдап кеткен.

Жогорудагы фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, кармалган жарандар милициянын бөлүмдөрүнүн убактылуу кармоочу жайларына камалышкан

Учурда кармалган жарандар башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу иликтенип жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!