Күйүп кеткен адамдын сөөгү табылды

19-Дек. 2017, Шейшемби, 11:21

Бишкек шаарында өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 19-декабрда саат 05:27 чамасында Бишкек шаарынын Ленин районундагы Библиотечная көчөсүндө жайгашкан турак үй күйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

"Өрттү өчүрүүгө ӨКМнин №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тартылып. Чыккан өрт саат 08:21де толук өчүрүлгөндөн кийин үйдүн ичинен бир адамдын сөөгү табылган",- деп айтылат ӨКМнин маалыматтында.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!