Аэропортто майыптар үчүн жабдуу орнотулду

21-Дек. 2017, Бейшемби, 09:22

Эл аралык “Манас” аэропортунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын жабдуулар орнотулду.

“Манас” ачык акционердик коомунун маалымат кызматы билдиргендей, жабдуулар аэропорттун экинчи кабатынан үчүнчү кабатына көтөрүлүп түшүү үчүн орнотулган.

Мындан сырткары башка жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн ар бири 1000 килограммга чейин жүк көтөрө алчу эки лифт коюлган. Жабдуулардын баары эл аралык стандартка жооп берет.

Эскерте кетсек, күз айында өкмөт башчы Сапар Исаков аталган аба майданга алдын ала эскертилбеген рейд жасап, бир нече тапшырмаларды берген. Күтүүсүз рейдге чыгууга аэропорт боюнча коомчулуктун нааразычылыгы себеп болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!