​80 метр тереңдикте газга ууланды

21-Дек. 2017, Бейшемби, 11:05

Баткенде көмүр казып жаткан жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 20-декабрь күнү саат 20:42де Кызыл-Кыя шаарындагы №15 карьердин 80 метр тереңдигинде 1979-жылы туулган жаран көмүр казып жатып, газга ууланып каза болгон жерге ӨКМнин №4 өзүнчө мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунун 6 куткаруучусу барышкан. Куткаруучулар маркумдун сөөгүн шахтадан чыгарышып, Кызыл-Кыя шааардык ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткиришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!