Тамеки тартам деп өлүп кала жаздады

21-Дек. 2017, Бейшемби, 13:32

Жети-Өгүз районунда тамеки тартуудагы этиятсыздыктан үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-декабрда саат 08:30дар чамасында Кызыл-Суу айылында Умаров көчөсү 17 дарегиндеги үйдөн өрт чыккан. Өрт кырсыгы катталган жерге барган өрт өчүрүү кызматкерлери саат 10:00гө чейин өрттү толугу менен өчүрүп бүтүшкөн.

“Өрттүн кесепетинен 37 жаштагы үй ээси түтүнгө ууланып, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө тез жардам кызматы аркылуу жеткирилген. Ошондой эле өрттүн кесептинен уктоочу бөлмөдөгү керебет, матрац, жаздык, төшөнчүлөр, жыгач терезе, пол күйгөн.”,-деп айтылат билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!