Эл өкүлдөрү эл менен жолугушууда

26-Дек. 2017, Шейшемби, 11:04

Жалал-Абад шаардык кеңешинин дептутаттары жана шаардын аткаруу бийликтери эл кыдырып, элдин мүдөөлөрүн, пикир-сунуштарын үйрөнүшүүдө. Бул биринчи кезекте шайланган эл өкүлдөрү – депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы баарлашуу болсо, экинчиден 2018-жылы аткарылуучу иш-чараларды, шаар бюджетин түзүүдө аткаруу бийликтерине зарыл иш-чара болуп калууда. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Шаардык кеңештин төрагасы Мураталы Тагаевдин айтымында, эл өкүлдөрү буга чейин шайлоо убагында элге бир катар убадаларды беришкен, эми алардын аткарылышы тууралуу элге отчёт бериши зарыл Андан сырткары, элдин ушу таптагы пикир-сунуштарын угуп, келечек пландарга киргизиши абзел. Ошондуктан да бул жолугушуулар жалпы шаардын эмки жылы өнүгүшү үчүн маанилүү фактор болуп саналат.

Ал эми шаардын биринчи вице-мэри Турдалы Темирбаевдин айтымында, кийинки жылы аткарылуучу иш-чаралар планын түзүүдө шаардыктардын пикирин билүү жана аны эске алуу абдан маанилүү. Ошол максатта ар бир кварталда, көчөдө, жамааттарда эл менен шаар жетекчилеринин жана депутаттардын жолугушуулары өткөрүлө берет.

-Жаңы жылга чейин эл менен жолугушуп, кандай көйгөйлөрү болсо угуп, чечиле турган маселелерди жеринде чечип жатабыз. Ал эми орчундуу делгендерин келерки жылдын бюджетине киргизип, депутаттарга сунуш кылабыз. Алгачкы күнкү жолугушууда эле бир канча маселелер жеринде чечилди. Андан сырткары, айрым депутаттарыбыз аталган айылдын тургундарынын суранычы боюнча өзүнүн эсебинен жолго шагыл төктүрүп берүүгө убадасын беришти. Ал эми калган жетекчилер ар ким өзүнө тийиштүү болгон иштери боюнча тапшырмаларды алышты, - дейт М. Тагаев.

Жолугушуу өткөн “Дача-Тилек” кичи районунун тургундары эң көйгөйлүү маселе катары балдар бакчасы жана футболдук аянтчасынын жоктугун айтышты. Деген менен, бул аймакта 750дөн ашуун жаран жашайт. Шаар жетекчилери бул жылы балдар бакчасын бүткөрүүгө убада беришти. Суу менен камсыз кылуу жана таштанды төгүү боюнча көйгөйлөр жеринде чечили.

Эскерте кетсек, эл менен болгон жолугушууга шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү 10 мекеме-ишканалардын жетекчилери чогуу келишүүдө. Муну менен алар шаар калкынын биримдигин, ынтымак-ырашкердигин бекемдөө жана шаарды чогуу өнүктүрүүгө коомчулукту мобилизациялоо аракетин жасашууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!