​Бишкек-Ош жолунда төрт унаа кагышты

29-Дек. 2017, Жума, 10:48

Жалал-Абад облусунда төрт унаа кагылышып натыйжада бир адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, 28-декабрь күнү саат 17:03дө Бишкек-Ош унаа жолунун 390-чакырымында Кара-Көл шаарында “Хово” оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, “Тойота ОРА” “ДЕУ Нексия” жана “ДЕУ Матиз” үлгүсүндөгү унааларды сүзгөн.

“Жол кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап Кара-Көл шаардык ооруканага жеткирилген. Жабыркагандардын ичинен 14 жаштагы өспүрүм бала Кара-Көл шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгон”,- деп айтылат министрликтин маалыматтында.

Окуя болгон жерге ӨКМнин куткаруучулары барып, куткаруу иштерин жүргүзүшкөн.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!