Кашарга кеткен жарандын сөөгү табылды

29-Дек. 2017, Жума, 17:41

Түп районунда дайынсыз жоголгон жарандын сөөгү табылып, РИИБ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, 27-декабрь күнү Түп районунун Сары-Төлөгөй айылынын 43 жаштагы тургуну айылдын четиндеги кашарга барам деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Аны издөө үчүн тиешелүү кызматтын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар чыгышып, бүгүн 29-декабрда саат 13:00 чамасында Кең-Суу айылынын түштүк тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын сөөгүн табышкан. Алар сөөктү Түп РИИБнүн кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!