Ички иштер министрлигинин жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши Надежда Максименкону 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, бекем ден соолук, узун өмүр каалашты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги Султанбек Жоошбаев баштаган ардагерлер тобу Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу жана милициянын ардагери Надежда Максименкону келе жаткан жаңы жылы менен куттукташты.
Султанбек Жоошбаев ардагерди куттуктап, бекем ден соолук жана ар дайым кубаныч коштоп жүрүүсүн каалап кетти.
“Сиз согуштун таатал жолун бастыңыз жана анын аякташынан кийин өлкөнүн бейпилдиги үчүн милициянын катарында кызмат кылдыңыз. Сиздин жеңишке кошкон салымыңыз чоң жана биздин тынч жашоодо жашап жатканыбызга сиздер курмандыкка бардыңар”,-деп баса белгиледи.
Жолугушу учурунда Надежда Максименкого ИИМдин жана Чүй ОИИББнин атынан сыйлактар жана баалуу белектер тапшырылды.
Белгилей кетсек, Максименко Надежда Васильевна 2018-жылдын 1-январь күнү 100 жашка толот. Ал 1918-жылы 1-январда Кокчетавский облусунун Терновка айылында туулган. 10 жылдан кийин Кыргызстандын Жалал-Абад облусуна үй бүлөөсү менен көчүп келишкен. Бул жактан 8 жылдык окууну аяктап, Колхоздо бригадир болуп иштей баштаган.
Надежда билим алууну каалап, Кара-Балта шаарындагы Финансы техникумунун сырттан окуу бөлүмүнө тапшырат жана райондук каржы бөлүмүндө иштеп калат. Ушул учурда Улуу Ата мекендик согуш башталып, аны Элдик ички иштер комитетинин (НКВД) башкармалыгына чакыртып, “ЭИИКтин архивиндеги жумушка жөнөтүү тууралуу” буйрук чыгат. Ал архивде иштебегени менен, эс тутумунун жакшы экендигине байланыштуу бат көнүп кетет. Бул жумушу кызыктуурак болуп, сыр белгини окуу чеберчилигин бат үйрөнүп, жумушун тезинен аткарып, бир дагы ката кетирген эмес.
1943-жылы кайра жаңы буйрук чыгып, ал Лениграддагы блокадага жөнөтүлөт. Алты айлык баласын Фрунзе шаарындагы апасына таштап, Ленинградка кетет.
Согуштан кийин, Надежда Калининский районундагы Элдик ички иштер комитетиндеги Кыргыз ССРнин ИИМдин Паспорттук столунун иш-кагаздары менен иштөө тескөөчүсү катары иштеген. Картотекаларды толуктап, келген жана чыккан кагаздардын баарын толуктап, бул иши 1957-жылдан баштап 1962-жылга чейин созулган. Андан соң, Кара-Балта шаарына кетип, 1977-жылга чейин ИИМдин Паспорттук бөлүмүнүн башчысы кызматында иштеген.
Пенсияга эки жыл калганда ал жалпыны поспорт менен камсыздоо иши менен алек болгон. ИИМдин түзүмүндө 34 жыл эмгектенип, көптөгөн сыйлыктар менен сыйланган. Анын ичинде “Күжүрмөн эмгеги үчүн”, Ушаковдун медалы, “1941-1945-жылдары Улуу Ата мекендик согушка катышкандыгы үчүн”, 1, 2- баскычтагы “ИИМде мыкты кызматы үчүн”, “Эмгектин ардагери” жана башка медардары бар.
Азыркы учурда ИИМдин ардагери экинчи кызы менен Кара-Балта шаарында жашайт. Ардагердин үч небереси, алты чөбөрөсү бар.