Гүлдүн ден соолукка тийгизген таасири

Гүлдүн ден соолукка тийгизген таасири
17-Май 2017, Шаршемби

Жакын адамдарыңыдан белекке гүл алсаңыз, ал сиздин көңүлүңүздү көтөрүп гана койбостон, ден соолугуңузга да жакшы таасир берет.

Айталы дегенибиз дарылык үчүн колдонулган өсүмдүк эмес, кадимки айланага, бөлмөгө көрк берген жөнөкөй гүлдөрдүн ден соолукка тийгизген пайдасы тууралуу болмокчу.

Гүл ооруп жаткан адамдын сакайып кетүүсүнө таасир берерин мурунтан белгилүү болчу. Ошол себептен оорулууга гүл алып баруу салтка айланган.

Адатта жакын адамдарга гүл тандоодо биз сырткы көрүнүшүнө, түрүнө, сулуулугуна гана маани беребиз. Ал эми изилдөөлөргө ишенсек көз аркылуу кабыл алынган гулдөрдүн түсү мээге таасир берип, организмдин кызматын жакшыртат. Ошону менен бирге кандай түстөгү гүлдөрдүн эмнеге пайдасы бар экенин билгиңиз келсе, төмөнкүлөргө көз салыңыз.

Сары түс

Зат алмашуу процессин жакшыртат. Орталык нерв системасынын жумушун ирээттеп, иммунитеттин күчүн көтөрөт. Сары түстүү гүлдөрдүн жугуштуу оорулар менен ооруп жаткандарга же болбосо убайым чегип жүргөндөргө берген оң.

Кызыл түс

Мээнин психикалык кубатын артырат. Кандагы адреналинди көтөрүп, адамга күч-кубат берет. ушул түстүн таасири менен организмдеги жыныс гормондорунун концентрациясы көбөйөт. Кызыл түстү гүлдөр чарчоону басат. Эгер климаттык өзгөрүштөргө организмиңиз чыдай албаса анда бөлмөгө кызыл түстөгү гүлдөрдү коюңуз, атмосфералык өзгөрүштөрдү жеңүүдө жардамы чоң.

Жашыл түс

Ойлоону кабылетин жакшыртат. Жаман энергияны жоготуп, адамдагы коркунучтуу жоёт. Бөлмө ичинде жашыл түстүү өсүмдүктөр көп болсо, мээ чарчабай, ар бир нерсеге маани берип, сергек жүрөсүз. Ошондуктан жашыл түстү бөлмө өсүмдүктөрүн кеңселерге койгон жакшы. Ал сизди ачуулануудан сактап, оюңузду бир жерде топтоого жардам берет.

Көк түс

Түн мен тынчтыктын түсү. Көк жана ачык көк түстүү гүлдөр мээге тынчтык берип, жакшы уктоого жарамы чоң.

Ак түс

Тазалык, жарыкты жана коопсуздукту, билдирет. Мындай түстөгү гүлдөрдү жан дүйнөсүнө таза адамдар жактырышат. Ал адамды жаман ойдон арылтып, чечилбей жаткан маселелерди чечүүгө жардам берет. Ак түстү гулдөрдү чыгымга учураган адамга, тагыраак айтканда көпкө созулган оорудан айыга албай жаткан бейтапка белекке бериңиз.

Мындан сырткары гүлдүн жытында да мындай өзгөчөлүк кездешет. Түстөрүнөн сырткары жыпар жыты да адамдын нерв системасына таасир берип, организмдин өмүр сүрүүсүн жакшыртат.

Жалбыз жыты

Кан тамырларды кеңейтип, артериялык кан басымын бирдей калыпта болуусун камсыз кылат. Нерв системасын тынчтандырып, жүрөктүн кысымы жакшырат. Баш ооруну жоёт. Чарчоону басып, сергек жашоону камсыз кылат. Табитти ачып, тамак-аш сиңирүүнү жакшыртып, жүрөк айланууну токтотот.

Ромашка өзүнүн жумшак жыты менен нервти тынчтандырып, уйкуну жакшыртат.

Жакындарыңызга гүл берип, көңүлүн көтөрүп гана койбой ден соолугуна да пайда алып келиңиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!