Өрүктүн мекени болуп Армения өлкөсү эсептелинет. Бул жемиш Армениядан Греция, кийин Европа өлкөлөрүнө македондук Александр аркылуу таралганы тарых булактарында айтылып келет. Дүйнө жүзүнө өрүктүн 50дөй сорту белгилүү. Алардын 20га жакын "Кандек", "Курмайы", "Субхоны", "Мирсанжали", "Курсадык" сыяктуу даамдуу түрлөрү мекенибизде өстүрүлөт. Эмесе, биздин күнөстүү Баткен облусунун бренди болгон өрүк тууралуу кеп салалы.
Өрүктүн дарылык касиети
Пакистандын тоолуу районунун тургундары европалыктарга караганда 10 жыл узак жашашат экен. Окумуштуулар бул сырдын түйүнүн чечүүгө жетишишкен. Көрсө, алар өрүктү күнүмдүк турмушунда кеңири пайдаланышат тура.
Чындыгында, өрүктүн адамдын ден соолугуна пайдасы зор. Бул жемиш сулуулукту сактап, терини жашартып, чачтын түбүн бекемдейт. Кан айлануусу начар, жүрөгү бир калыпта сокпогон, инфаркттан жапа чеккендерге өрүк жеп туруу сунушталат. Өрүктүн дагы бир касиети, ал жүрөк булчуңдарын бекемдеп, чарчоону тез жазат. Астма пристубун жумшартып, канды жана боорду тазалоочу касиетке ээ. Түрк медиктери көп жылдар бою изилдеп, жаңы жана кургатылган өрүк эркектер үчүн эң пайдалуу азык экенин айтып чыгышкан. Анткени бул жемиш потенцияны жогорулатуучу касиетке ээ. Ошондой эле өрүктүн курамындагы калий менен каротин заты ашказан жарасынан жана бөйрөктөгү таштардан арылууга жакшы жардам берет. Ал эми өрүктүн данегинен жасалган “өрүк сүтү” жөтөлгө, бронхитке даба. Мындан сырткары данегинен май алынып, ал медицинада дары-дармектерди жасоодо кеңири колдонулат.
Чоңдор үчүн күнүнө 200-300 грамм өрүк жеген жетиштүү болот. Эсиңизде болсун, өрүктү ач карын жегенге болбойт. Ошондой эле бул жемишти жеген соң дароо муздак ичүү сунушталбайт. Анда ичеги-карындарга зыян алып келиши мүмкүн.
Өрүктө жана анын кагында кант көп болгондуктан, кант диабети менен ооругандарга өрүктү көп пайдаланууга тыюу салынат.
Өрүктөн как жасоо
Өрүк кургатуу иши алгач Орто Азия чөлкөмүндө башталганы айтылып келет. Андан өнүгүп отуруп акырындык менен дүйнө жүзүн кучагына камтыган. Өрүктү туура кургатууну жана сактоону кааласаңыз, анда аны күнгө эмес, көлөкө жана мелүүн жел жүрүп турган жерге кургатканыңыз оң. Бул сиздин мээнетиңиздин текке кетпесине жана витаминдүү жемишти кышка камдап алууңузду шарттайт. Эгер сиздин жашаган жериңиз же айлана-чөйрөңүз көлөкөдө кургатууга мүмкүн болбосо, анда бул сунушту да карап көрсөңүз болот.
Күнгө, бирок анын үстүнө бир нерсе жаап коюу менен сактоого болот. Бул аз да болсо какты күндүн терс таасирлеринен сактайт. Андан тышкары кургатуу учурунда чаң, кирди алдын алган болосуз. Өрүктөрдү кургаткандан кийин кургак баштыкка же айнек идиштерге салып койсоңуз, көпкө сакталат.
Сиз билесизби, эмне үчүн кургатылгандан кийин өрүк кичине жана катуу болуп каларын? Себеби кургатуу учурунда анын курамындагы суунун өлчөмү 90 пайыздан 15 пайызга түшөт. Мындай учурда андагы шекердин көлөмү, витаминдер жана минералдар топтолушат. Анын даамы жогорку деңгээлге жетет.
Косметологияда
Өрүк ширеси жана жумшак эти кандай типтеги тери болбосун жагымдуу. Сергитип, жашартып, бырыштарды канчалык бир деңгээлде жазат. Теринин кургап кетүүсүнүн алдын алып, серпилгичтигин жогорулатат. Бул маска бардык типтеги терилер үчүн пайдалуу. Маска үчүн ичке кесилген тилимин колдонуу жакшы. Эгер өрүк ширесин колдонгуңуз келсе, анда чүпүрөктү ага малып, бетиңизге жаап коюңуз. Кургагандан кийин чүпүрөктү дагы бир жолу ширеге малып, дагы 20 мүнөт жатыңыз. Андан соң жылуу суу менен жүзүңүздү чайкап койсоңуз жетиштүү. Эгер бетиңизде жара болсо, анда өрүк маскасын колдонбой турганыңыз оң.
Ашканада
Ашканада өрүктөн кыям, ар кандай таттууларды, мармелад, шербет, шире жана шарап даярдап келишет. Кытай жана Япония ашканасында өрүктү туздап, закуска катары пайдаланышат. Жаңы бышкан өрүктү муздаткычта 2 жума, ал эми бөлмө температурасында 2 күнгө чейин сактоого болот.