Жалкоолукту жеңүүнүн алты жолу

Жалкоолукту жеңүүнүн алты жолу
29-Июнь 2017, Бейшемби

Кычыраган кышта жылуу жууркандын алдына кирип алып, ачылып кеткен эшикти жабуудан эринип, аягында үшүп өлгөн эки бала тууралуу аңгеме эсиңиздерде чыгаар? Моюнубузга илип алган жалкоолук этегибизден тартып, жакшы иштерди ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бербей калат. Ар бир адамда эле эринчээктик болот эмеспи. Биз бүгүн жалкоолукту кантип жеңүүгө болоору туурасында кеп козгомокчубуз.

1. Беш гана мүнөт!
Өзүңүзгө беш мүнөт арнаңыз. Оюңузду жыйнактап, өзүңүзгө күч топтоп, жумушка кайрадан киришүүгө беш мүнөт гана жеткиликтүү.
2. Чоң иштерди бөлүп таштаңыз
Көп жумушту бир заматта жасоо мүмкүн эмес, ошондуктан аны бөлүктөргө бөлүп аткарыңыз. Туурасы-план түзүп алыңыз. Планды оюңузда куруп үйрөнгөнүңүз оң.

3. Негизги жумуштан качпаңыз!
Негизги жумушту иштөөдө жалкоолугубуз жар бербейт. Эртеңкиге чейин реферат жазуу керек. Рефератты жазуунун ордуна ар кандай майда-барат үй иштерин, дүкөнгө баруу, интернетте отуруп өткөрөбүз. Бары бир реферат жазуудан качып кутулбайбыз. Ошондуктан, рефератты жазып таштоого биринчи орунга коюңуз.
4. Эрте туруңуз

"Эрте турган эркектин бир иши артык, эрте турган аялдын ырысы артык". Мээңиз чарчабай турганда жумушуңузду бүтүрүп таштаганыңыз абзел.

5. Өзүңүздү сыйлаңыз
Кандай эмгек болбосун, сыйга татыктуу. Ошондуктан, бир ишти бүтүргөндөн кийин өзүңүзгө сый тартуулаңыз. Сүйүктүү таттууңуз менен чай ичип, мээңизди дем алдырыңыз. Бул кийин бара-бара адатка айланып, калыпташып калат. Ал эми кыйын тапшырманы аткаруу керек болсо, өзүңүзгө ылайыктуу сый ойлогонуңуз оң. "Ушу жумушту бүтүргөндүгүм үчүн өзүмө жаңы кийим же каалап жүргөн нерсеңизди сатып аламын” деп өз-өзүңүзгө убада бериңиз.
6. Эртеңкиге калтырбаңыз

"Жалкоонуну эртеңи бүтпөйт". Кандай гана иш болбосун, орундоого кыйын болсо да эртеңкиге таштайбыз. Максатыңызга жеткиңиз келсе, берилген жумушту ошол замат жасоого тырышыңыз. Бул да бара-бара калыптанып, эң жакшы адаттардын бирине айланат.
Эринип ишке ашыра албай калганыбыз үчүн өзүбүздү далай жолу жемелеп, жазаласак да жалкоолонобуз. Бирок, жалкоолукту жакшы жолго алып барбашын түшүнчү убакыт келди!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!