Фарида Жумакадырова
12-Июль 2017, Шаршемби
Бактылуу өмүр сүргүңүз келсе баары сиздин колуңузда. Эң башкысы төмөнкү эрежелерди кармануу гана керек.
- 1. Күнүнө аз дегенде 3 адамга кубаныч тартуулаңыз.
- 2. Көп кыялданыңыз. Кыялдар орун алат.
- 3. Күч-кубатыңызды калп, ушак айтуу үчүн жумшабаңыз.
- 4. Өмүр өтө кыска. Ошондуктан өч алууга убакыт коротпоңуз.
- 5. Өз өмүрүңүздү өзгөлөрдүн өмүрү менен салыштырбаңыз. Анткени алардын башынан эмне өткөнүн сиз көргөн жоксуз.
- 6. Өз өмүрүңүздү бактылуу кылчу өзүңүз экенин эстен чыгарбаңыз.
- 7. Уйкуңузду кандырыңыз
- 8. Көп окуңуз. Окуган адамдын гана ойлонуу аң-сезими өтө күчтүү болот.
- 9. Күнүнө 2 литр суу ичүүнү адатка айландырыңыз.
- 10. Өткөн ишке өкүнбөңүз. Бирок, келечекте кайталабаңыз.
- 11. Бул өмүрдөгү болгон байлыгыңыз — үй-бүлөңүз экенин унутпаңыз.
- 12. Өз-өзүңүздү жакшы көрүңүз. 13. Убакыт зымырап учуп бара жатат. Жакшы адамдар менен аралашыңыз.
- 14. Башыңызга кандай иш түшсө да, жылмайып жүрүңүз.
- 15. Көп жакшы иштерди жасаңыз. Ал милдетүү түрдө кайрылып келет.
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!