Бир-бирин сейрек кучактаган эл агрессивдүү болот экен. Ушуга байланыштуу нейропсихолог Джеймс Вильям Прискот ата-энеси колуна алып, маңдайынан сүйбөгөн балдар келечекте адам өлтүрүүгө чейин бараарын айтат.
- кучакташуу иммундук системаны калыбына келтирет;
- нерв системасын стимулдаштырат;
- тынч уйкуну камсыз кылат;
- күч-кубат берет;
- жашартат;
- стресстен арылтат;
- гормондун окситоцин көлөмүн өстүрөт;
- кан кысымын төмөндөтөт;
- жүрөк ооруларына чалдыгып калууну төмөндөтөт;
- гемоглобиндин деңгээлин көтөрөт;
- иммунитетти күчөтүп, ар түрдүү оорудан айыктырат;
- адамдын өзүн туура баалоого пайдасын тийгизет;
- ички коркунучтан арылтат;
Эзелки Чыгыш жазмаларында кучакташуу адам баласына маанилүү иш-аракет ирээтинде каралат. Ал адамды дарылап, жашартуучу өзгөчө касиети да бар. Айланадагы баардык түрүү жан ээси камкорлукка зар. Ошондуктан чоң ата-чоң энебизди, ата-энебиз менен балдарыбызды, сүйүктүү адамыбызды кучактоону унутпасак!