Япондуктардын акча жыйноо ыкмасы

Япондуктардын акча жыйноо ыкмасы
28-Сен. 2017, Бейшемби, 15:16

Бир айлык киреше-чыгашаны эсептеңиз!

Айдын башында өзүңүздүн кирешеңизди эсептеп, чыгымыңызды пландаңыз. Мысалы жолго, тамакка, кийимге, байланышка деп ар бирине белгилүү бир суммада каражат бөлүңүз. Андан ашык коротпоого тырышыңыз.

Канча акча үнөмдөө керек экениңизди пландаңыз

Алдыңызга накта максат коюңкз, мысалы ушул айда жеке кассаңызга канча сом салгыңыз келет? Ал үчүн акча талап кылчу бош сейилдөөлөрдү тыюу салганыңыз туура. Жана акчаны жыйноодо накта бир максатыңыз болсун. Мысалы саякатка чыгамын деп жыйнасыңыз, ошол үчүн талпыныңыз.

Күн сайынкы чыгымдарды жазып жүрүңүз

Бул смздин акчаңызды кайда кетип жатканын билүүгө өтө ыңгайлуу ыкма. Айтуу оңой болгону менен, иш жүзүндө ар дайым кыйын. Бирок күчүңүздү жыйнап, тыйындарыңызды эсептеп үйрөнүңүз.

Ар жуманын жана айдын аягында өзүңүзгө эсеп бериңиз

Сиз максатыңызга жеттиңизби?
Өзүңүзгө берген убадага турдуңузбу?
Жеке кассаңызга акча түштүбү?
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!