Адамдын шагы кантип сынат?

Адамдын шагы кантип сынат?
11-Окт. 2017, Шаршемби, 09:46

Футуролог Жак Фреско жылан менен чычканды бир ящикке камап ортосун айнек менен бөлүп коёт. Ушундайча бир аз убакыт эксперименти жүргүзөт. Ачка болгон жылан чычканды жутуп алганга аракет кылат. Бирок айнекке согулуп кала берет. Сойлоочу жырткыч бул аракетин 12-13 жолу кайталайт. Андан кийин чычканга маани бербей кала берет. Андан кийин изилдөөчү ортодогу айнекти алып таштайт. Бирок жылан чычканды жегенге такыр талпынган эмес. Себеби жыландын мээсинде кайра-кайра кайталанган ийгиликсиздиктен коркунуч пайда болгон.

Адам баласы да максатына «жетем» деп умтулган сайын алдыдагы дубалга уруна берсе, алдыга карай жүрүүдөн жазганып калат. Шагы сынат деген ушу.

Эгер болгон аракет менен заңкайган теректи балталай берсе, ал да кулап түшөт. Тоодой талап болсо, талпына бергенге эмне жетсин.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!