Сизди кыялдарга жетелөөчү сөздөр

Сизди кыялдарга жетелөөчү сөздөр
11-Окт. 2017, Шаршемби, 10:59

Адам баласынын алга умтултуп, ар күн сайын жаркын келечекке жетелөөчү кыялы болот эмеспи. Көп өтпөй ал кыялар максатка айланат. Төмөндө ошол максаттарыңыздын ишке ашуусуна жардам берчү жана шыктандырчу сөздөрдү сунуштайбыз.

1. Жашоодо орундалбас кыялга кол созуп, тобокелге бара алган адам гана чоң жетишкендиктерге жетет.

2. Сиз күрөштөн баш тарткан кезде максатыңыздын туура маңдайыңызда турганын байкабайсыз.

3. Колуңуздан келе турган ишти узак убакыт бою ишке ашырбай, күтүүнүн кандай кереги бар? Алгачкы кадамды эмнеге бүгүн жасоого болбосун?

4. Сиздин ойлогонуңуз милдеттүү түрдө жүзөгө ашат.

5. Кыялдарыңыздын артынан ээрчисеңиз, аалам сизге жаңы эшигин ачат.

6. 20 жыл өткөндөн кийин жасаган иштериңиз эмес, жүзөгө ашыра албай калган кыялдарыңыз үчүн өкүнөсүз. Ошондуктан ойгонуңуз! Желдин багытын аныктап алып, кыялдарыңызга жетелеген канаттарыңызды жайыңыз. Жаңы жаңылык ачыңыз.

7. Сыналгылардын алдында жайлуу күндөрдү өткөргөнчө, кыялдарыңыздын артынан ээрчип, канатыңыздын күйгөнүнөн, жерге кулап түшкөнүңүздөн миң эсе артык.

8. Жер бетиндеги баардык зат бир кездерде жөн гана кыял болгон эле.

9. Иш менен алектенип жүргөн адам киреше табат. Ал эми багын сынап көргөн, болгону тоскоолдукка ээ болот.

10. Алыңыз да, жасаңыз. Эч нерсе жасай албасаңыз да, алга кадам таштаңыз.

11. Максаты бар адам ошол максатка жетүүгө мүмкүндүгү бар адамдан алда кайда жакшы.

12. Чоң жана жаркын кыялдар кем дегенде 110 пайызга орундалат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!