Чоң адамдын денеси октиллион атомунан турат.
Эгер денебиздеги кан тамырларды бири-бирине кошуп кураштырсак 96 миң киллометрге чейин жетет. Бул узундук жерди үч жолу айлантууга жетет.
Адамдын мээси мүнөтүнө 1000 сөз окуй алат.
Адамдын мээси компьютер болгондо секундасына 38 катриллион операция жасай алмак. Азыркы күндөгү абдан өнүккөн компьютер мунун 1 пайызын да аткара албайт.
Кол же болбосо буттун тырмагы түбүнөн баштап толугу менен өсүш үчүн жарым жыл убакыт керек.
Адамдан өмүр бою орточо 18 литр тер чыгарат.
Кычкылтек жана каллориянын 20 пайызын мээ азыктанат.
Ар бир бөйрөктөгү миллиондогон фильтр ар мүнөттө 1,3 литр кан тазалайт.
Ар бир адамдын өзүнө таандык жыты болот. Болгону эгиздердин гана жыты бирдей болушу ыктымал.
Ар бир адамдын денесинде жарым миллион тер бези болот жана булар күнүнө жарым литр тер бөлүп чыгарат.
Адамдын денеси эртең менен ойгонгондогу боюна караганда түндө жатаар маалдагы абалын салыштырганда чамасы менен 1 см узун болот. Мунун себеби омуртка арасы жыйрылып жүрүп, түнкүсүн жатаарда бошоңдойт.
Адамдын ДНКсынын жарымы банандын ДНКсына окшош келет.
Адам денеси ар секундда 25 миллион жаңы клетка өндүрөт.
Адам өмүр бою 25 миң литр түкүрүк бөлүп чыгарат.
Ичке ичегинин узундугу адамдын боюнан төрт эсе узун.
Адам организминдеги эң каттуу зат тиш эмалы болуп саналат.
Денебиздин ар бир сантиметр квадратында 32 миллионго жакын бактерия өмүр сүрөт.
Кан клеткалары (эки жагы оюк) дисктер формасында болот.
Мурдубуз 50 миң түрдүү жытты ажырата алат.