​Майк Тайсон Мухаммед Алини эскерди

​Майк Тайсон Мухаммед Алини эскерди
11-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 12:30

Атактуу мушкер Майк Тайсон спорт тарыхында темирдей Мухаммед Али эң мыкты сапаттардын ээси жана легендасы экендигин белгиледи. Daily Star басылмасына маек курган атактуу мушкер “Мухаммед Алиде бизде болгон сапаттардын эки эсеси бар эле. Жада калса биздеги меңменсинүү, бой көтөрүү, эго да бар эле, бирок аны жөнөкөйлүгү да кооздоп турчу” деди

Өз маегинде мушкер анын ушунчалык ыкчам, жеңил жана кээде бир соккуну кое берүүгө жол берчү бирок турмуштун соккуларын кое берген жок деп айтты.

-Анын мыкты коргонуусу жана ылдамдыгы өзгөчө эле. Али албуутанган жырткыч сыяктуу сүрү бар болчу. Ал мушкерден мурун атайын даярдалган бир модел сыяктуу тиран болчу. Болгону жылмайган, нур жүздүү. Ал сизди деңиздин терең жерине алып барып, чөктүрүп кайра чыгырагандай сыйкырдуу күчтүн ээси болчу деп эскерди...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!